Өкмөт улуттук архивдеги документтерди ачык пайдаланууга берүүнү пландоодо

Иллюстративдик сүрөт

Премьер-министрдин басма сөз катчысы «Клоопко» билдиргендей, Кыргызстандын бийлиги 2018-жылдын жаз айларында Улуттук архивдеги документтерди ачык пайдаланууга берүүнү пландап жатат.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, 500 миңге жакын документ санариптөөдөн өткөрүлүп, болжолдуу 2018-жылы бул документтер интернетте жеткиликтүү боло турган сайт ачылат.

«Учурда санариптештирүү коюлган артыкчылыктары боюнча жүрүүдө, андан соң маанилүүлүк же зарылдык даражасы боюнча болот. Артыкчылык жана жарактуу мөөнөттөрү боюнча документтер бар. Жалпысынан мен бардыгын санариптештиребиз деп божомолдоп жатам, албетте, бирок дароо эмес», — деди ал.

Кабылова документтердин негизги бөлүгү акысыз болоорун кошумчалады. Бирок сайтта төлөөгө туура келген атайын функциялар да болот. Ал функциялардын кандай экени азырынча маалымдала элек.

Жалпысынын Кыргызстандын архивинде 4,5 млн документ бар. Алар XIX кылымдын ортосунан бери сакталып келе жаткан документтер. Негизинен Кыргызстанда өлкөнүн ар башка шаарларында жайгашкан 65 мамлекеттик архив бар.

«Мамлекеттик документтерден тышкары 50-70 жылдан бери сакталып келе жаткан документтер бар. Учурда алар иреттөөдөн өтүүдө», — деди басма сөз катчы.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-декабрда Сокулук райондук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышында Улуттук архивдеги документтерди санариптештирүүнү тездетүү керек экенин билдирди.

Кыргызстандын Улуттук архивинде баалуу тарыхый, саясий, маданий жана социалдык документтер сакталууда. Мисалы, анда шаарладын сүрөттөрү, тарыхый көчүрмөлөлөр жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын чечимдери бар.