Айыптоочу тарап коррупция иши боюнча Исаевди 20 жалга кесүүнү талап кылды

Прокуратура соттон депутат Канатбек Исаевди коррупция иши боюнча 20 жылга абакка кесүүнү суранды. Аны жасалма келишимдерди түзүү жана мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатууга айыпташууда.

Мамлекттик айыптоо Исаевди мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнүү суранды.

Прокурорлор иштин башка алты фигуранттарын 9 жылдан 18-жылга чейин эрктеринен ажыратууну суранышты.

Айыптоочу тарап билдиргендей, Исаевдин жана кылмыш ишинин башка фигуранттарынын күнөөлөрү толук далилденген.

Исаевге ал Токмоктун мэри болур турган кезде 2010-жылдын апрелинде шаарда автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүп, мамлекетке бир миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп айып тагышууда.

Мындан тышкары, тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев Токмокто жатаканы мыйзамсыз сатып, натыйжада мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирилген.

Ал ошондой эле 700 миң сомго «жасалма келишимдерди түзгөн» деп айыпталууда.

Канатбек Исаев өзү бул дооматтарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирген.

Парламентерийге карата кылмыш иши 2011-жылдын апрелинде эле козголгон. Бирок материалдар жоголуп кетип, башкы прокуратура депутатка каршы кылмыш ишин 2017-жылдын жай айларында гана кайра жанданта алган.


ТЕМА БОЮНЧА: