Бөйтөйгөн Ру — «Инстаграмдын» жылдызы. Москвалыктар кантип тажик майып баланы асырап алышкан?

Череповец балдар үйүндөгүлөрдүн эч кимиси Рустамды кимдир бирөө өз үй-бүлөсүндө багып алат деп ойлогон эмес. Анткени кичинекей бала «көптөгөн өнүгүү кемтиктери» менен төрөлгөн. Бирок москвалык Ника Злобина жолдошу менен аны асырап алып, керемет окуя болду окшойт. Азы эми Ника өзүнүн инстаграм аккаунтунда өзгөчө бала дагы бактылуу боло алаарын көрсөтүп, Рустам жөнүндө айтып бере баштаган.

Руну — Рустамдын атын ал ушинтип кыскартып алган — асырап алуу боюнча документтерди тууралагандан кийин эле Ника «Инстаграмга» катталууну чечкен. Ал мындай кадамга балдар үйүнүн сайтындагы Ру тууралуу видеого жазылган каардуу ой-пикирлерден улам барган.

«Ру залда бийлеп атканы тартылган видео бар эле, адамдар бөлүшүп атышкан. Алардын биринде мени таң калтырган “түрү суук”, “анын кимге кереги бар эле” деген сыяктуу ой-пикирлер жазылыптыр. Анан мен аккаунт ачайын деп чечтим. Ру үй-бүлөдө жашап атканын, бизге керек экенин көрүшсүн», — дейт ал.

Ника менен Рустам учакта.

Учурда Ника Рустамдын жетишкендиктери тууралуу мурдагыдай эле инстраграм күндөлүгүн жазып келет. Ага 53 миңден ашуун киши жазылган. Алар башкаларга окшобогону менен сүйкүмдүү бала пайда болгон кичинекей үй-бүлөнүн турмушуна жакындан көз салып турушат.

Рустам Ндин жаңы апасы

Рустам Орусиянын Вологда облусунда жайгашкан Череповец шаарындагы балдар үйүндө өзүнүн төрт жыл өмүрүн жашап өткөргөн. Ал тубаса ушинтип жарык дүйнөгө келген. Ру туулганда буту өспөй калган жана башы кыйшык абалда болгон. Анын катуу жана жумшак таңдайлары тубаса эки тараптуу кесилген. Никанын айтымында, баланын жүзү мурда көпкө чейин «тешик» сыяктуу болгон.

«Көптөгөн өнүгүү кемтиги» диагнозу балким анын тагдырына жазылгандыр. Ру дүйнөгө келээри менен анын өзүнүн ата-энеси баладан баш тартышкан. Ал эми балдар үйүндөгүлөрдүн аны кимдир бирөө асырап алат деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Балдар үйүнүн кызматкерлери Ру бир жолу өзүн күзгүдөн көрүп алып, андан кийин көпкө чейин жүзүн шейшеп менен же болбосо жаздык менен жаап алып жүргөнүн Никага айтып беришкен.

Эки жашка чейин бала түтүктүн жардамы менен тамактанган. Череповецте ага операция жасай турган дарыгерлер да табылган эмес. Бирок балдар үйүнүн башкы врачы чыдап тура албай Руга Москвада эки операция жасатыш үчүн квота алууга жетишкен. Орусиянын борбор калаасындагы дарыгерлер Рустамдын жүзүн калыбына келтиришкен.

Балдар үйүндө ал шайыр болуп өскөн. Бир эле буту болгонуна карабастан ал ырдап, бийлеп, бардык майрамдык концерттерге катышып жүргөн.

Иш чаралардын биринде Руну ыктыярчылар видеого тартып алышып, ага ата-эне таап бериш үчүн тасманы бала асырап алгысы келген ата-энелердин форумдарында жарыялай башташкан. Дал ушул форумда Ника сөз кылган аёосуз ой-пикирлер жазылган.

Ал өзү Рустам Н. — балдар үйүндөгү маалымат базасында ал ушинтип катталган — үчүн үй-бүлө издөө өнөктүгүнө ыктыярчы катары катышкан. Ошентип олтуруп Ника өзү асырап алуучу ата-энелердин мектебине жазылган.

«Бул баланы асырап алуу тууралуу ой менден эч кетпей койду. Канча күмөнүм, канча оюм болгон! Кийин мен Ру бийлеп атканы тартылган видеону көрүп калдым. Ал видео менин чечимимди бекемдеди», — деп эскерет ал.

Жаңы үйгө чейин 600 чакырым

Ника асырап алуучу ата-энелердин мектебине барып жатканда кезде ал балдар  үйүнүн маалымат базасында Ру жөнүндө маалыматтардын жаңыртылышына тынбай көз салып турган. Ал жактан Ника баланын анча жакшы көрүнбөгөн сүрөттөрүн гана көрө алмак, ал сүрөттөрдө баланын жүзү менен бутуна эмне болгонун деле даана баамдап түшүнө албайт эле.

2017-жылдын башынан тартып ал Руну асырап алууга документтерди топтой баштаган. Бул жаатта кыйынчылыктар көп болгон — Ника соттолбогону туурасында документти үчүнчү жолкусунда гана алууга мүмкүн болгонун жана аны эки ай күтүүгө туура келгенин айтууда. Анын айтымында, Рустамды үй-бүлөгө албоого дайыма айнытышкан, анткени бала «абдан оор абалда» болгон.

Ника 2017-жылдын май айында жолдошу менен кошо Ру менен таанышуу максатында Череповец балдар үйүнө барышкан. Алар барган убак Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чараларга даярдык көрүп жаткан учурга туш келип калган. Рустам кашыктар менен бийин репетиция кылып, алагды болууну каалаган эмес, ал эми бейтааныш Ника менен Юраны көзүндөгү коркунуч менен тосуп алган.

«Биз акырын жанына отуруп, ала келген белек-бечкектерибизди чыгара баштадык. Ал артты карап алып, биз жакка бурулбай, белек кереги жок, бардыгын түртүп, эч нерсе кереги жок деп, көздөн жаш кеткен», — деп айтып берди Ника.

Асырап алуучу ата-энелердин мектебинде ал ушул сыяктуу абалды башынан өткөргөн, бирок анда баланын ордунда роль жаратып жаткан улуу аял болчу. Ал менен достошуу кыйын болгон — Ника жада калса Ру менен тил табышып кетүүдөн корккон. Жардамга жолдошу Юра өзү келип, балага белек тартуулап, аягында бала капыстан аны апа деп айтып алганга чейин сүйлөшүп турган.

Ошол учурда алар Руну калтырбастан үйгө алып кетүүнү чечишкен. Ника өзүнө-өзү «Руну бутуна тургузуп, эң бактылуу кылышы» керектигин дайыма кайталап турган.

2017-жылдын июнь айында аларга асыроо органынан чалышып, Рустамдын артынан келе берсеңер болот деп кабарлашкан.

Көчүп кетүү Руга кыйынга турган — Череповецтен анын жаңы үйүнө чейин 600 чакырым жол жүрүү керек болчу. Бирок келээри менен аны жаңы үй-бүлө күтүп турган: Ника менен Юрадан тышкары ал жерде таенеси, Никанын биринчи никесинен Ия аттуу кызы, ит, мышык, ташбака жана аквариум балыктары кошо жашачу.

Жаңы үй-бүлөдөгү алгачкы учурларда Ру дайыма ыйлап, дээрлик сүйлөшпөй калган. Бирок убакыттын өтүшү менен Ника баланын көңүлү ачылып, сейилдөөлөрдө ал ырдап, бийлей баштаганын байкаган.

«Ал баары бир татынакай»

Ника көчөдө өтүп жаткандардын көз караштарына көңүл деле бөлбөй калганын, бирок алар бар экенин айтууда. Көптөгөн адамдар Ника Ру менен сейилдеп жүргөндө жандарынан өтүп жатып дагы, артынан дагы бир нече жолу кылчайып карашат. Башка балдар Рустамга ар кандай көңүл бурушат — кээ бири көчө жаңырта ал «башкачараак» деп кыйкырышса, ал эми дагы башкалары сыр билгизбестен, Руну карап жаткан өздөрүнүн досторун түрткүлөшөт.

Мунун бардыгы менен ал өмүр бою жашап келет — Рустам адамдар бир башкача көңүл буруп жаткандарына жана буга маани бербегенге көнүп калган. Ника бул ага ойногонго эч качан тоскоолдук жаратпаганын, башка балдардын оозунан болбогон кептерди угуп, ал үчүн маанайын чөктүрбөстүгүн айтат.

Бирок Ника балдар ойногон аянтчада болгон бир учурду эстеп калган.

Ру селкинчек тээп жаткан, ал эми Ника жанында турган. Ага жети жаштагы кыз келип кошулган. Алар селкинчек тээп жатышып, андан соң ал кыз Ника менен сүйлөшө баштаган:

— Анын буту жокпу?

— Ооба.

— А эмне үчүн? Ага эмне болду эле?

— Ал ошондой төрөлгөн.

— Мурду дагы кандайдыр бир башкача экен! Бирок ал баары бир татынакай!

Ру селкинчектен атып туруп, кызды кучактай баштаган.

Убакыт өткөн сайын кошуналар Руга көнүп калышкан соң, алар ага жакшыраак көңүл бура башташкан — Ника алар дайыма Ру менен баарлашууга аракет кылышып же даамду бир нерсе менен сыйлагылары келишээрин айтат.

«Бардыгын жөнгө салса болот»

Ру жаңы үй-бүлөсүндө өткөргөн жай жана күз мезгилдеринде ал балдак менен басууну, турникке тартылганды үйрөнүп жана акырындык менен балдар бакчасына көнө баштаган. Ника менен Юра эки бөлмөлүү батирде тар болуп калгандыктан улам 14 жылга ипотекага жаңы батир алышкан — учурда алар үчүн жаңы турак жай курулууда.

Рунун жаңы ата-энеси экөө тең иштешет. Алар баланы даарылатууга кимдир бирөөдөн жардам суроону да ойлонуша элек. Алар тез арада болбосо деле Руга жаркын келечекти өздөрү бере ала тургандыктарына ишенишет.

Алар чогуу башка асырап алган ата-энелер үчүн дем-күч берүүчү сүрөт конкурстарына дайыма катышып турушат.

«Биздин Ру дагы көп нерсени башынан өткөрүүсү керек: операция, реабилитация, протезге туруу. Бирок бардыгы биздин колубуздан келет. Мен адамдар майып балдарды алуудан коркпошун каалайт элем. Бардыгын жөнгө салса болот», — дейт ал.