Бишкек: Экинчи жер үстүндөгү өтмөктүн курулушу аяктады (дагы экөө калды)

Жер үстүндөгү өтмөк. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек мэриясы экинчи жер үстүндөгү өткмөктү куруп бүттү. Жаңы курулуш «Мадина» базарынын аймагындагы Шабдан баатыр жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Бишкек мэри Албек Ибраимов 26-декабрда экинчи жер үстүндөгү өтмөктү ачты. Ал «Мадина» базарынын жанындагы Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан.

Жер үстүндөгү өтмөк 15 адамды көтөрө ала турган эки лифт менен жабдылган.

Өтмөктүн узундугу 33 метрди, туурасы — 3, бийиктиги 5 метрди түзөт.

Бишкекте алгачкы жер үстүндөгү өтмөк 9-ноябрда ачылган. Ал «Аламедин» базарынын жанындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан. Өтмөктү курууга 17,5 млн сом кеткен.

Бишкек мэриясы борбордун тыгындары көп жаралган кесилиштеринде жайгаша турган дагы эки жер үстүндөгү өтмөктү курат:

Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши («ЦУМ» соода борбору);

Чүй жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилиши («Ош базар»).


ТЕМА БОЮНЧА: