Бишкекте Жаңы жылга 15 млн сом бөлүндү. Бул көппү? Башка шаарлар менен салыштырып көрүңүз

Сүрөт: Эдил Байызбеков/Kloop.kg

Калаа бийлиги Бишкекти Жаңы жылга карата жасалгалоого 15 млн сомдон ашуун каражат жумшайт. Бул каражатттын өлчөмү кыргызстандыктардын арасында талаш-тартыштарды жаратты — кээ бири майрам үчүн көп акча бөлүнгөн деп эсептесе, ал эми мэрия чыгымдар негиздүү деп айттууда. Башка шаарларда канчалык көп акча коротушат?

Жаңы жылдык балатыны орнотуунун, иллюминациянын жана жаңы жылга карата шоу программалардын жалпы бюджети 15,5 млн сомду түздү. Интернетте бул каражаттын айланасында абдан көп талкуу жүрдү: көптөгөн колдонуучулар мындай коромжулук Европа өлкөлөрүндө орундуу болмок деп көшөрүп жатышты, ал эми Кыргызстанда бул акчалардын жардамы менен чече турган башка көйгөйлөр жетиштүү.

Алып баруучу Ассоль Молдокматова борборду Жаңы жылга карата мындай көркөндүрүү — бул «бакубат жашоонун иллюзиясы», ал эми бул каражаттарды калктын аялуу катмарын колдоого жумшоого болмок деп эсептейт.

«Мисалы Бишкектин карылар үйүндөгү ашканасынын олтургучтары жок турганда мындай каражатты коротуунун кажети барбы? Карылар узун жасалган олтургучтарда отурушат. Садовый айлындагы "Убак" майыптар коомдоштугунда 400дөн ашуун — көзү көрбөгөндөр, дүлөйлөр — ачка болушуп, суукта жашап, дары-дармектерге, жылыткычтарга, азык-түлүктөргө муктаж болуп турушат», — деп жазган Молдокматова өзүнүн фейсбуктагы барагында.

Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова алып баруучуга каршы чыкты — анын айтымында, бул шаарды көрктөндүрүү үчүн «ченемдүү эле өлчөмдөгү акча».

Рыскулова өтүп кеткен жылдары мэрия мындай жасалгалоого болжолдуу ушундай эле каражат бөлүп турганын айтты, ал эми келечекте, анын пикири боюнча, борборду Жаңы жылга карата шөкөттөөлөргө мындан да көбүрөөк каражат жумшоо керек.

«Эгерде биз эч нерсе кылбай койсок деле мэрия шаарды шөкөттөөгө кам көргөн жок деп айткандар табылат. Нааразы болгондор дайыма табыла берет», — деди вице-мэр Кактус басылмасына.

Башка постсоветтик өлкөлөрдүн шаарларынын чыгымдарына салыштырмалуу Бишкек бийлигинин Жаңы жылга карата чыгымдары канчалык ысырапкор?

Майрамдык чыгымдардын айрымасы сезилээрлик.

Москва — күтүлгөн лидер. Орусия бийлиги шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоо менен майрамдык иш чараларга 10 млн АКШ долларынан (700 млн сомдон ашык) ашуун каражат жумшады.

Ереван 111 миң доллар (7,7 млн сом) чыгым менен эң сарамжалдуу болуп чыкты.

Көрүнүп тургандай, Бишкек — шаарлардын арасында ысырапкор деле эмес. Аны, Москвадан тышкары, бери эле дегенде Кишинёв, Тбилиси жана Алматы басып өтөт.

Бирок бул шаарлардын жашоочуларынын саны абдан айрымаланып турат. Алардын ар бири өз шаарларын майрамдык шөкөттөөгө канча акча сарпташты?

Бул жерде Алматы, Тбилиси жана Москва алдыда — ошондой болсо да Орусиянын борбору коңшулардаy абдан эле артта калууда. Киев менен Ереван кайрадан эң сарамжалдуу болуп калышты. Бишкектиктер деле өз шаарын жасалгалоого анчейин деле чыгым кылышпайт — ар бир тургундун чөнтөгүнөн майрам үчүн болжолдуу 16 сом кетет.