Депутаттар арыздарды кабыл алуудан баш тарткан милиционерлерди түрмөгө отургузууну сунушташты

Иллюстративдик сүрөт

КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Канат Керезбеков менен Абдывахап Нурбаев кылмыш жөнүндө билдирүү же арыздарды кабыл алуудан негизсиз баш тарткан милиционерлерлерге карата жазаны күчөтүүнү сунуштап жатышат.

Депутаттар Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү 25-декабрда коомдук талкууга чыгарышты.

Алар жарандардын кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүсүн каттоодон баш тарткан милиционерлерге жазаны күчөтүүнү сунушташууда.

Эгерде өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, милиционерлерге 1 млн сомдон 2 млн сомго чейин штраф салынышы мүмкүн же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.

Ошондой эле, депутаттар мындай эреже бузуулар боюнча укук коргоо органдарында жетекчилик кызматтарды аркалагандар үчүн дагы жазаны күчөтүүнү сунушташууда.

Аракетсиздик же арызды каттоодон баш тартуу үчүн аларга 2 млн сомдон 3 млн сомго чейин штраф салуу же 6 жылдан 8 жылга чейин камакка алуу каралган.

ИИМ 22-декабрда шаар тургундары милиционерлер алардын арыздарын кабыл алуудан жана иликтөө жүргүзүүдөн баш тартып жаткандыктарына бир нече жолу арызданышкандыктары үчүн Бишкектин Свердлов ИИБин текшере баштаган.

Тергөө укук бузуулардын фактылары болгонуна карабастан жарандарга «кылмыштардын бетин ачууга негизсиз баш тартышкан» 500дөн ашуун учурду аныктаган.


ТЕМА БОЮНЧА: