Ош шаарынын тургуну өз үйүндө киши колдуу болду

Сүрөт: ӨКМ

Ош шаарында 26-декабрга караган түнү эркек кишиден өз үйүндө белгисиз адамдар акча талап кылышып, сабап, андан кийин үйүн өрттөп кетишкен. Алган жараатынан улам шаар тургуну көз жумган. Шаардык милиция «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлагандай, окуя 25инен 26-декабрга караган түнү саат 01.20 чамасында Ош көчөсүндөгү 100-үйдө болгон.

Белгисиз адамдар алгач үйдүн электр жарыгын өчүрүп, үйдүн ээси Октам Абдикадыровдон акча талап кылышкан. Аны сабап, андан кийин үйгө өрт коюп чыгып кетишкен. Анын жубайын да токмоктошкон.

Ош ШИИБдин өкүлүнүн маалымдашынча, үй өрттөнүп, кожоюндун денеси күйүп кеткен.

«Анын денесинде, жүзүндө соккудан калган тактар бар. Сол кѳкүрѳк тушуна миздүү нерсенин сайылгандагы изи байкалган. Маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган», — деп билдирди Сыдыков.

Маркумдун жубайы Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жаткырылган.

Ош ШИИБи «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы аталган даректе өрт катталып, ал жерден 1956-жылы туулган үй ээсинин сөөгү табылганын «Клоопко» ырастады.

Өрт тууралуу маалымат 26-декабрда таңкы саат 02:28де келип түшүп, ӨКМнин кызматкерлери  тилсиз жоону эки саатта өчүрүшкөн.

Турак жайда чыккан өрттөн үйдүн чатыры жана бир бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: