Саламаттык сактоо министри депутаттардын дооматтары үчүн кызматтан кетпейт

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, депутаттар тарабынан болуп жаткан байма-бай «айыптоолорго карабастан» ал өз кызматынан кетүүгө шашылбайт. Ал бул жөнүндө депутаттык комиссия министрликтин ишмердигинде эреже бузууларды аныктагандан кийин билдирди.

Батыралиев министриктин дары-дармектер базарында атаандаштык чөйрөнү куруу боюнча ишмердиги «ар кандай топтордун кызыкчылыктарына тоскоол болууда» деп эсептейт.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүү менен биз гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жана кезек күтүүлөрдөгү чыңалууну алдык. Албетте, мындай кадам бул нерсе аркылуу бизнес куруп, препараттар менен кызмат көрсөтүүлөр аркылуу чоң акча тапкандарга жакпай калат», — деди министр.

Анын айтымында, өлкөдө биологиялык-жигердүү кошулмаларды саткан «сүрөөнчүлөрдүн тобу» бар. Анын пикиринде, алар биологиялык-жигердүү кошулмаларды бюджеттик каражаттарга сатып алууну каалашмак.

«Учурда формацевтикалык мафияга бөгөт коюуга аракет кыла баштаганыбызда бул жерде алардын кызыкчылыктары министр катары жеке менин жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердииндеги жаңы багыты менен тирешип калды», — деп айтылат Батыралиевдин билдирүүсүндө.

Ал бул топтор «өздөрүнүн адамдары» министрлик кызматты жана Дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин директорлук кызматын ээлеп калууларына кызыктар болушууда деп кошумчалады.

«Менин максатым — бул үзгүлтүксүз реакцияны токтотуу. Мен бул жумушту баштадым, аны аягына чейин чыгарам жана ошондо тынчыраак кетем», — деди ал.

Депутатттык текшерүү

Министрдин бул жөнүндө билдирүүсү депутаттык комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердигинде эреже бузууларды тапкандан кийин жарыя болду.

Депутаттар айрым дары-дармек каражаттары жогорулатылган баада салытылып алынып жатканын жана тендер өткөрүүдө жоболор бузулганын аныкташкан.

Депутаттык комиссиянын отчётунда 2015-2017-жылдар аралыгында Саламаттык сактоо министрлигинде 49 кызматкер (министрдин жардамчысы, алдыңкы адистер жана башкалар) жумуштан алынып, алардын ордуна «тажрыйбасыз адистер» алынган деп айтылган.

Мындан тышкары, депутаттардын отчётунда Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы 8 тез жардам машинасын сатып алуу үчүн башка компания төмөн баа сунуштаганына карабастан Dutch Health BV компаниясы менен жалпы баасы 1,1 млн долларга келишим түзгөнү айтылат.

Машиналарды көз карандысыз техникалык экпертизадан өткөрүү алар эң эле жөнөкөй ыкма менен жасалып, жоболорду бузуу менен кайра жабдылганын көрсөткөн.

Дагы бир эреже бузуу болуп компания машиналарды сүйлөшүлгөн мөөнөттөн эки айга кеч алып келгени болгон. Сегиз унаанын арасынан экөөсү Казакстандын аймагында жол кырсыгына кабылып, жараксыз абалга келип калганы белгилүү болгон.

Жумушчу топтун мүчөсү Айсулуу Мамашева 24.kg басылмасына курган маегинде айткандай, Саламаттык сактоо министрлигинин эреже бузуулары бир айдан кийин парламентте каралат.

Анын айтымында, министрди жоопкерчиликке тартуу боюнча чечимди депуттардын чогулткан документтеринин негизинде башкы прокуратура кабыл алат.

«Ал жакта эреже бузуулар абдан көп, бул министрди кызматтан алууга жетиштүү болот», — деди ал.

Талантбек Батыралиев Саламаттык сактоо министргинин башчылык кызматына 2014-жылы келген.