Самарагейт-2, 3-бөлүм. Үгүтчүлөр «Самаранын» иши жөнүндө айтып беришти

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы.

«Клооп» жеке менчик «Самара» сайты Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) серверинде жайгашканына далилдерди жарыялоону улантат. Бул бөлүмдө samara.kg сайты кандай иштеп турганы боюнча аны пайдалангандардын жаңы көрсөтмөлөрү жана бөлүшкөн скриншоттору туурасында баяндалат.

Мазмуну:

I бөлүм. Шашылыш түрдө калтырылган издер

II бөлүм. «Самара» менен мамлекеттик сайттардагы бирдей коддор

III бөлүм. Жаңы скриншоттор менен жаңы көрсөтмөлөр

IV бөлүм. Интернет легендасы Qurium уюмунун жүйөсүн колдоду (27-декабрда чыгат)

V бөлүм. Эмне үчүн «Самарага» бир киши жоопкер боло албайт? (28-декабрда чыгат)

III бөлүм. Жаңы скриншоттор, жаңы көрсөтмөлөр

«Клооптун» журналисттери «Самараны» колдонгондордон жаңы скриншотторду алышты. Алар скриншотторду анонимдүүлүк шарттары менен редакцияга беришти.

Скриншоттордон түшүнүктүү болгондой, «Самарада» шайлоочулардын маалыматтарынын тууралыгын жана шайлоодо добуш берүү ыктымалдыгын текшерүүгө мүмкүн болгон (Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарын тапшырган адамдар гана добуш бере алышат).

Samara.kg сайтынын колдонуучуларынын бири кылган скриншот. Шайлоочулардын жеке маалыматтары коопсуздугун сактоо максатында боз түстөгү тик бурчтук менен жабылган.
Samara.kg сайтынын колдонуучуларынын бири кылган скриншот. Шайлоочулардын жеке маалыматтары коопсуздугун сактоо максатында боз түстөгү тик бурчтук менен жабылган.
Samara.kg сайтынын колдонуучуларынын бири кылган скриншот. Шайлоочулардын жеке маалыматтары коопсуздугун сактоо максатында боз түстөгү тик бурчтук менен жабылган.
Samara.kg сайтынын колдонуучуларынын бири кылган скриншот. Шайлоочулардын жеке маалыматтары коопсуздугун сактоо максатында боз түстөгү тик бурчтук менен жабылган.

Топтолгон бардык маалыматтардан «Самара» кандай иштегени түшүнүктүүрөөк боло баштады:

1. Колдонуучу «Новый» (Жаңы) деген макам берилген шайлоочунун маалыматтарын киргизген;

2. Бир нече убакыттан кийин шайлоочунун маалыматтары ырасталып же четке кагылган. Анан ал ошого жараша «Одобрен» (Ырасталды) же болбосо «Неодобрен» (Ырасталган жок) деген макамдарга ээ болгон;

3. Эгерде шайлоочуга «Неодобрен» деген макам берилген болсо, анын жанында себеби, мисалы, «ИННди текшергиле. Мындай ИННге ээ болгон шайлоочу жок!» деп көрсөтүлгөн.

Жээнбековдун штабындагы үгүтчүлөрдүн бири журналисттерге өзүнүн браузеринин тарыхына жеткилик берди. Ал өзүнүн браузери аркылуу президенттик шайлоо учурунда samara.kg сайтына кирип турган.

Дагы бир үгүтчүнүн айтуусунда, «Самараны» негизинен үгүтчүлөрдүн иш аракеттерин жөнгө салган кураторлор пайдаланышкан. Бирок айрым учурларда системага болгон жеткилик үгүтчүлөргө да берилип турган.

«Бизге тизме (үчүн форма) беришчү, биз ал жакка адамдардын маалыматтарын киргизишибиз керек болчу. Ал эми “Самарага” кураторубуз өзү киргизчү», — деди ал.

Турак жай комитеттеринин иштерин координациялаган Жээнбековдун штабынын дагы бир кызматкери өзүнүн планшети аркылуу системага кирип, шайлоочулар тууралуу маалыматтарды текшерип турганын айтты.

«Кээ бири [добуш берүүгө] макул болушуп, бирок биометриясы болгон эмес. Аны дал ошол жерде (“Самарада”) аныктаганга мүмкүн болчу», — деди ал.

Анын айтымында, шайлоо күнүндө suppermario12 тарабынан «Самараны» бузуп кирүү системанын ишине көп деле таасир эткен эмес. Куратордун сөзүнө караганда, «Самара» ашып кетсе бир саатка өчкөн.

«[Бизди] дароо эскертишип, мага телефон чалышып бир саат күтүп туруш керек экенин айтышты. Бир сааттан кийин ал (“Самара”) кайра иштеп кетти», — деди ал.

Куратор «Поцелован» (Өбүлдү) же болбосо «Не поцелован» (Өбүлгөн жок) деген макамдарды койгонун ырастап, бирок алардын маанисин ачыкка чыгаруудан баш тартты. Ал Жээнбековдун штабындагы операторлорго кайрылууга кеңеш берип, бирок алардын байланыштарын бөлүшкөн жок.

Авторлошу: Ринат Тухватшин

Эгер сизде «Самаранын» ишмердүүлүгү жана ал президенттик шайлоонун жыйынтыктарына кантип таасир эткени боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, бизге жазыңыз жана телефон чалыңыз:

• office@kloop.kg

• +996-772-67-08-15