Бишкекте абанын булгануу деңгээли 2-3 эсе жогорулаган

Гидрометеорология агенттиги соңку айларда Бишкекте абада зыяндуу заттардын концентрациясы 2-3 эсе жогору болгонун аныктаган. Адистер мындай кырдаалды шаарда машиналардын көп болушу менен байланыштырышууда. Ченемге ылайык, автоунаалар 10 эсе көп.

Кыргызгидромет депутат Дастан Бекешевдин сурамына жооп кылып билдиргендей, абада зыяндуу заттардын концентрациясы ченемден бир нече эсе жогору.

Негизинен азот диоксидинин кошулмасы ченемден 2,2 эсе, ал эми формальдегиддики 3,6 эсе жогору.

«Каланын борбордук бөлүгүндө абанын булганышы шаар боюнча орто көрсөткүчтөн жогору», — деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Аталган мекемеде газоанализаторлордун жоктугу менен учурда бар жабдыктардын иштен чыгып калгандыгынан улам шаарда 2000-жылдардан бери көмүртек оксиддеринин концентрациясын байкоо жүргүзүлгөн жок.

Адистер абада зыяндуу заттардын деңгээлинин жогорулашына автоунаалардын көптүгү себеп болууда деп билдирүүдө. Агенттиктин маалыматына ылайык, Бишкек 40-45 миң автомобилге ылайыкталган, бирок учурда калаада 500 миңден ашуун машина бар.

Агенттик билдиргендей, күн сайын Бишкектин жолдоруна 80 троллейбус, 250 автобус жана 3000 миңге жакын кичи автобус чыгат.

«Ошол эле учурда бизде атмосферага чыгып жаткан газдардын деңгээли нормативдик актыларга ылайык көзөмөлдөнө турган кандайдыр бир документ жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Азот диоксидинин жогорку курамы дем алуу жолдорундагы оорулардын пайда болушуна алып келет, ал эми формальдегид менен уулануу аллергия, залалдуу шишиктердин жана лейкемияга алып келиши мүмкүн.

Мамэкотехинспекция көп өлчөмдө газ чыгарган машиналарды колдонууга жол бербеш үчүн автомобилдерди кайрадан милдеттүү техникалык текшерүүдөн өткөрүп туруу керектигин сунуштап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: