«Клооп» үчүн Дарья Удалованын иллюстрациясы

«Клооп» жеке менчик «Самара» сайты Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) серверинде жайгашканына далилдерди жарыялоону улантат. Бул бөлүмдө интернетти негиздегендердин бири samara.kg домени менен МККнын серверинин байланышы тууралуу жүйөлөрдү кубаттаганы туурасында сөз болот. Ал өлкөдөгү шайлоо өнөктүгү жүргөн учурда сайттын колдонуучуларынын активдүүлүгүн аныктаган.

Мазмуну:

I бөлүм. Шашылыш түрдө калтырылган издер

II бөлүм. «Самара» менен мамлекеттик сайттардагы бирдей коддор

III бөлүм. Жаңы скриншоттор менен жаңы көрсөтмөлөр

IV бөлүм. Интернет легендасы Qurium уюмунун жүйөсүн кубаттады

V бөлүм. Эмне үчүн «Самарага» бир киши жоопкер боло албайт? (28-декабрда чыгат)

IV бөлүм. Интернет легендасы Qurium уюмунун жүйөсүн кубаттады

Пол Виксини «интернет легендасы» деп атоо — аша чапкандыкка жатпас. 2014-жылы аны Интернеттеги атактуулар залына киргизишкен. Бул сыйлык дүйнөлүк желенин көрүнүктүү архитекторлоруна өмүрүнүн акырына чейин берилет.

Викси 1988-жылы BIND программасынын башкы автору болгон. Бул программа туурасында кадыресе колдонуучу билбесе деле керек, бирок ансыз азыркы күндөгү интернетти элестетүүгө мүмкүн эмес.

BIND — ip-даректерди домендик аталыштар менен байланыштыруу үчүн колдонулган дүйнөдөгү эң популярдуу программа болуп калган.

1990-жылдардын башында Викси мурда эч ким туш болбогон көйгөйдү чечүүгө белсенген. Ал тарыхта биринчилерден болуп электрондук почтадагы спам менен күрөшүүчү программаны иштеп чыккан.

Пол Викси «Интернет Системс Консорциум (Internet Systems Consortium) уюмунун тең түзүүчүсү да болуп саналат. Бул уюм бүтүндөй Интернет инфраструктурасын колдойт.

Бул Виксинин жападан жалгыз жетишкендиги эмес, бирок эң маанилүүсү десе болот.

Эгерде Кыргызстанда Виксинин ким экенин жана эмнеге жетишкенин билгендер аз болсо, анда бул ойлоп табуучу кыргыз саясаты, Сооронбай Жээнбеков жана МККнын кызматкерлери менен тааныш болушу мүмкүн деле эмес.

«Самара» жөнүндөгү иликтөө боюнча абройлуу жана калыс ой-пикир алуу үчүн андан дагы бейтарап адамды элестетүү кыйын.

Октябрь айында эле, «Самара» жөнүндөгү иликтөөнүн биринчи баскычтарында, Qurium уюмунун изилдөөчүлөрү Викси негиздеген DNSDB сервисин пайдаланышкан. Бул сервистин жардамы менен samara.kg жана mls.kg домендеринин тарыхына көз салууга мүмкүн болгон.

Ноябрь айында алар Виксиге түз эле кайрылышкан.

«Баары түшүнүктүү болушу үчүн samara.kg жана mls.kg домендеринин пассивдүү DNS-жазуулары 212.112.124.142 дарегин камтыганын Пол Викси ырастай алат болушу керек», — деп жазышкан алар «Твиттерде», МККнын серверинин дарегин айткысы келип.

Викси кыскача жооп берген:

«Ооба, чындыгында».

«Твиттерде» жазган жообунан тышкары Викси Qurium уюмуна көп кылып кат жазган (дээрлик үч жарым миң сөздөн турган). Өз катында ал samara.kg доменине болгон чийки сурамдарды көрсөткөн. Алардын баарын DNSDB сервисинин сенсорлору каттап алган («Клооп» расмий сурам аркылуу бул маалыматтарды бере алат).

Каттагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда samara.kg доменине болгон DNS сурамдардын саны 27 эсеге өскөн.

Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин samara.kg доменине бир аптада орто эсеп менен 2,5 сурам болгонун сенсорлор каттап алган. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталаары менен аптасына орто эсеп менен 60тан ашуун сурам жөнөтүлгөнү катталган. Бул жерде DNSDB сервисинин сенсорлору каттап кала алган Кыргызстандын сыртындагы сурамдар жөнүндө гана сөз болуп жатат.

Бул сайттын шайлоо өнөктүгү башталган учурда активдүүрөөк колдонула баштаганына ишарат кылат.

Викси кыйыр түрдөгү далилдери келтирген. Бирок октябрь айынын ортосунан берки «Клооп» менен Qurium тапкан калган маалыматтардын жалпы жыйындысы «Самара» чын эле МККнын серверинде иштегенин дагы бир жолу далилдейт.

Кийинки бөлүм 28-декабрда жарыяланат. Анда «Самара» жөнүндөгү иликтөөнүн 2-бөлүгүнүн жыйынтыгын чыгарабыз жана ким мындай системаны түзүп, ишке киргизиши мүмкүн болгонун түшүнүүгө аракет кылабыз.

Авторлошу: Александра Ли

«Самара» кандай иштегени боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, бизге жазып, телефон чалыңыз:

• office@kloop.kg

• +996-772-67-08-15