Бишкек: Жүрүп бараткан машинада туруп алган бала тартылган видеону милиция изилдейт

Патрулдук милиция Курманжан Датка көчөсүндө жүрүп бара жаткан машинанын багажына туруп алган бала тарлылган видеону изилдеп жатат. Ага «Авто бейбаштык» үчүн 5 миң сомго чейин штраф салынышы мүмкүн.

Видео 27-декабрда коомдук тармактарга жарыяланган. Күбөлөр «Мерседес» үлгүсүндөгү жүрүп бара жаткан машинанын багажына туруп алган баланы видеого тартып алышкан. Алардын айтымында, бул Курманжан Датка (мурдагы Алматы) көчөсүндө болгон.

Ошондой эле, видеодон машинанын терезелеринен башка жүргүнчүлөр чыга башташканын көрүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызмат бул боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

«Эгерде факт тастыкталса, эреже бузгандар жоопкерчиликке тартылышат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Баланын аракеттери Административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин «Авто бейбаштык» беренесине такалышы мүмкүн. Мындай эреже бузуу үчүн 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат.