Жогорку сот «Сентябрь» телеканалын жабуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

«Сентябрь» телеканалын жабууга «экстремисттик» материалды чагылдыруу себеп болгон. Телеканал коррупция боюнча соттолгон оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен байланыштуу.

Жогорку сот 27-декабрда Биринчи май райондук сотунун «Сентябрь» телеканалын жабуу боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Телеканалдын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова сот отурумдары эреже бузуулар менен өттү деп эсептейт. Анын айтымында, айыптоочу тарап алардын күнөөсүн далилдей алган эмес жана коргоочу тараптын далилдерин көңүл сыртында калтырган.

«Августта бизге үч айдын ичинде Жогорку сотто чечимди даттанууга мүмкүнчүлүк беришкен. Биз арыз берүү үчүн өлкө жетекчилигинин алмашуусун күттүк, бирок майнап чыкпай калды», — деди ал.

Анын пикиринде, «экстремисттик» материал болгондо телеканалды жаппастан, материалды өчүрүп, эскертүү берилиши керек болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: