Бишкек-Ош жолу 11 сааттан кийин ачылды

Иллюстративдик сүрөт /Спутник

Бишкек-Ош жолундагы кар тазаланып, жол кыймылы калыбына келтирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдо кар көчкү коркунучу сакталып турганын эскертүүдө.

ӨКМнин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» билдиргендей, Бишкек-Ош авто жолу 27-декабрь күнү кечинде ачылган. Айдоочуларга жолдо 500 метрлик аралыкты сактоо менен кыймылын улантышы керектиги эскертилүүдө.

«Жеңил машиналар 27-декабрда саат 23:30да жол кыймылын улантышкан. Жүк ташуучу унаалар үчүн жол 28-декабрь күнү таңкы саат 08:30да ачылды», — деди Шерипова.  

Шерипова кар көчкү коркунучу бар болгонгон аймактарда кырдаалга жараша жол кыймылы бир нече саатка жабылышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

«Биз учурда кар көчкү коркунучу бар аймактарда карды атайылап түшүрүп жатабыз. Эгерде кар көчкү жолго жетпесе, жол кыймылы улана берет», — деп маалымдады ӨКМдин басма сөз катчысы.

Кечээ Бишкек-Ош жолунун 80-209-чакырымында жааган кардын калыңдыгы бир метрге жетип, кар көчкү коркунучу жаралганына байланыштуу айдоочулардын коопсуздугу үчүн саат 10:00дө жол кыймылы токтотулган.


ТЕМА БОЮНЧА: