Чүй облусу: 7-класстын окуучусу көз жарып, ымыркайдын атасы издөөдө

Иллюстративдик сүрөт

7-класстын окуучусу 27-декабрда көз жарган. Бала дени сак төрөлүп, анын салмагы 2 кг 980 граммды түзгөн. Милиция ымыркайдын атасын издеп жатат.

Чүй облустук төрөт үйүнүн дарыгери Шайыргүл Мырзагалиева «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, учурда 13 жашар кызды анын апасы карап жатат. Дарыгердин айтымында, 7-класстын окуучусу менен жана анын баласынын абалы жакшы.

«Апасы учурда наристеси менен. Бүгүн биз аларды үйүнө коё беребиз. Кыз басып,чуркап, баласын эмизип жатат», — деди Мырзагалиева.

Анын айтымында, аталган кыз Лебединовка айлында жашайт. Аны апасы бөйрөктөрүн дарылатууга чет өлкөгө алып кетүүгө аракет кылгандан кийин төрөт үйүнө учётко тургузушкан.

«Биз аны ал мөнөтүнөн узак жүрө баштаганда ооруканага жаткырганбыз. Анын төрөт жолдору даяр эмес, операция жеңил өттү. Ымыркай кыйынчылыгы жок 2980 грамм болуп төрөлдү», — деди дарыгер.

Чүй облусунун милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мектеп окуучусунун кош бойлуу болуп калган фактысы боюнча кылмыш иши октябрда эле козголгон жана учурда атасын издөө уланууда.

«Бирок атасы экендигин аныктоо тесттин ымыркайга бир жаш толгондон кийин гана өткөрүүгө болот. Ага чейин биз баланын атасы чындыгында ким болгондугун аныктай албайбыз», — деп билдиришти милициядан.

7-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калгандыгы белгилүү болуп калганда Лебединовкадагы №2 мектептин директору кызматтан кеткен, бирок кийинчерээк Билим берүү министрлиги аны кызматка кайтарган.


ТЕМА БОЮНЧА: