ИИМ: Салянованын инисин өлтүрүүгө шектелген негизги адам кармалды

Улан Саляновду атып кетишке үй

Милиция мурдагы башкы прокурор жана депутат Аида Салянованын инисин өлтүрүүгө шектелген негизги адамды кармады. Улан Саляновду 6-ноябрда өз үйүнөн атып кетишкен — милициядан билдиришкендей, «иш саясий эмес».

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармоо 27-декабрь күнү кечинде жүзөгө ашкан. Милиционерлер кармоо учурунда андан номурлары өчүрүлгөн жана үч магазин октору бар «Макаров» тапанчасын табышкан.

«Курал жарактары менен алынган тапанча экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган адам күнөөнү мойнуна алган көрсөтмө берүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

ИИМдин маалыматына ылайык, шектелип жаткан 31 жаштагы адам Бишкектин тургуну. Ал Бишкек ШИИБнин Убактылуу камоо изоляторуна (УКИ) камалды.

Учурда милиция кылмыштын калган катышуучуларын издеп жатат.

Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар үчөө болгон — алар беткапчан жана колкапчан болушкан. Анын туугандарынын айтымында, кылмышкерлер камуфляж кийинген, аскер өтүкчөн болушкан.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти иликтөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле күнү ИИМ Улан Саляновдун өлтүрүлүшүн «саясий эмес иш» деп жарыялаган.

«Бул иште саясий себеп бар. Кылмыш болгондон кийин дароо күч түзүмдөрүнүн саясий себептин жоктугу боюнча билдирүүлөрү таң калтырууда. Иликтөө тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Мен анын калыстыгына ишенбей турам. Кимдир бирөө артыңарда отуруп алып, үйрөтүп жатат», — деген ал.

Салянованын «Ата Мекен» партиясындагы тарапташтары менен укук коргоочулар саясий кылмыштуулук боюнча версияны колдоого алышкан. Алар билдиришкендей, Саляновага 2015-жылы башкы прокурор болуп турган кезде коркутуп-үркүтүүлөр келип турган.


ТЕМА БОЮНЧА: