«Манас» аэропортунда «электрондук дарбаза» орнотулду — көзөмөлдү чек арачы жок өтүүгө болот

«Электрондук дарбаза» өткөрүү тутуму. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Эл аралык «Манас» аэропортунда «электрондук дарбаза» тутуму орнотулду. Ал жүргүнчүлөргө көзөмөлдү чек арачынын катыштыгы жок өтүүгө мүмкүндүк берет. Азырынча жаңы киргизилген тутум биометрикалык паспорттору бар гана кыргызстандыктарга жеткиликтүү. 

Жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн үч «электрондук дарбаза» «Манас» аэропортунда 28-декабрда иштей баштаган.  

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Дастан Догоев билдиргендей, «электрондук дарбаза» биометрикалык паспорттогу чиптин маалыматтарын окуп, адамдын өздүгүн тастыктайт. Аталган тутум адамдын катыштыгы жок иштейт.

«Процесс мындай өтөт: башынча система кийлигишүүсүз биометрикалык паспорттогу маалыматтарды окуп, кол тактары боюнча верификация жүргүзөт, андан соң биометрикалык сүрөт боюнча тастыктоо ишке ашырылат. Идентификация ийгиликтүү өткөн учурда дарбаза ачылат», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков маалымдагандай, мындай тутум жарандар үчүн ыңгайлуулуктун деңгээлин жогорулатууга, аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө жана коррупциялык тобокелдикти кыскартууга шарт түзөт.

Азырынчы «электрондук дарбаза» менен биометрикалык паспорттору бар гана кыргызстандыктар пайдалана алышат, бирок бийлик жакын арада бул тутум башка өлкөлөрдүн жарандарынын биометрикалык паспортторун көрө баштайт деп убада кылууда.

Чек ара кызматынан башчысы Уларбек Шаршеев билдирдиргендей, мындай тутум Ош аэропортуна дагы орнотулат.

Исаков 4-октябрда «Манас» аэропортуна барып, каттоо үчурундагы чоң кезек күтүүлөргө нааразы болуп калган. Өкмөт башчысы жетекчиликке бул маселелерди чечүүнү буйруган.


ТЕМА БОЮНЧА: