Салянованын инисинин өлүмү: Тергөөнүн негизги версиясы — каракчылык

Улан Саляновду атып кетишкен үй

ИИМ депутат Аида Салянованын инисин өлтүрүүнүн негизги версиясын «каракчылык» деп атады. Милиция өлтүрүүгө катышкан калган шектүүлөрдүн өздүктөрүн аныктады жана аларды издеп жатат.

ИИМ басма сөз кызматынан начальниги Бакыт Сейитов «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, тергөө кылмыштын негизги версиясы катары «каракчылык» деп эсептейт. Ал ырастагандай, алар калган шектүүлөрдүн өздүктөрүн аныкташкан жана аларды издөөнү башташкан.  

Милиционерлер 28-декабрда Улан Саляновдун өлүмүнө негизги шектүүнү кармашкан — болжолдуу ал кылмыштын уюштуруучусу болгон.

«Биз бардык мүмкүн болгон версияларды өткөрүп, эң башкы уюштуруучуга чыктык. Ал Бишкектеги үйлөрдүн биринде кармалган. Ал кылмыш кылууда чындыгында эле эң башкы уюштуруучу болгондугу жөнүндө мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берип жатат», — деди Сейитов.

Сейитовдун маалыматына ылайык, кармалган адам өлтүрүлгөн Салянов менен «тааныш» болгон. Милиция Салянов менен кармалгандын ортосунда ишкерлик боюнча мамилелери болгон деп божомолдоп жатат.

Кармалган адам буга чейин талоончулук, каракчылык, бейбаштык жана уурдоо үчүн төрт жолу соттолгон.

Анын үйүндө өчүрүлгөн номурлары жана 17 огу бар «Макаров» тапанчасы табылган.

Саляновду өлтүрүү

Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар үчөө болгон — алар беткапчан жана колкапчан болушкан. Анын туугандарынын айтымында, кылмышкерлер камуфляж кийинген, аскер өтүкчөн болушкан.

Саляновдун туугандары кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алып кетишпегенин билдришкен.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти иликтөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле күнү ИИМ Улан Саляновдун өлтүрүлүшүн «саясий эмес иш» деп жарыялаган.

Бирок Салянова өзү бул кылмышты «саясий» деп эсептейт.

«Бул иште саясий себеп бар. Кылмыш болгондон кийин дароо күч түзүмдөрүнүн саясий себептин жоктугу боюнча билдирүүлөрү таң калтырууда. Иликтөө тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Мен анын калыстыгына ишенбей турам. Кимдир бирөө артыңарда отуруп алып, үйрөтүп жатат», — деген ал.

Салянованын «Ата Мекен» партиясындагы тарапташтары менен укук коргоочулар саясий кылмыштуулук боюнча версияны колдоого алышкан. Алар билдиришкендей, Саляновага 2015-жылы башкы прокурор болуп турган кезде коркутуп-үркүтүүлөр келип турган.


ТЕМА БОЮНЧА: