Видео: Атамбаев жаңы ыр чыгарды

Алмазбек Атамбаевдин клибинен кадр

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев клиби менен кошо «Жаңы жыл» атту ырын чыгарды. Атамбаев ырларды президенттик кызматты аркалап турган кезде 2016-жылдан тарта чыгара баштаган.

«Жаңы жыл» ыры Алмазбек Атамбаевдин алгачкы беш ыры жазылган «Судьбе назло» альбомунун тизмесине кирди.

Жаңы ырга видео клипти Ekarecords студиясы тартып, аны 27-декабрда YouTubeга жарыялаган. Клип Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет драма театрында тартылган.

Атамбаев ырларды 2016-жылдын июлунан тарта чыгара баштаган — анда анын алгачкы «Судьбе назло» ыры интернетте 50 миңден ашуун жолу көрүлгөн.

Андан соң анын дагы төрт копмозициясы жарык көргөн — «Я не смогу без тебя жить», «Мне страшно умирать», «Нелепые слова» жана «Кыргызстаным».    

Атамбаев билдиргендей, ал кыргыз тилинде дагы беш ыр чыгарууну пландап жатат.

Атамбаев президент болуп турган учурда өлкө башчылык кызматынан кеткенден кийин бир нече жолу чыгармалык менен алектене тургандыгы жөнүндө билдирген.

Бирок Атамбаев өзүнүн 20-ноябрда өткөн акыркы басма сөз жыйынында маалымдагандай, ал биринчи номур алдында КСДП партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер болот. Партиянын лидери шайлана турган курултай январда өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: