Бишкек-Ош жолундагы «Арал» посту убактылуу жабылды

Иллюстративтик сүрөт /Азаттык

Бишкек-Ош автожолундагы ашууларда жаралган унаа тыгынынан улам Токтогулдагы «Арал» постунда жеңил машинелердин жана жүк ташуучу унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан «Клоопко» кабарлагандай, «Төө-Ашуу» жана «Ала-Бел» ашууларында пайда болгон жол тыгынына байланыштуу 29-декабрда саат 14:00дө жеңил машинелердин жана жүк ташуучу унаалардын кыймылы убактылуу токтотулган.

«Кыймылды жөнгө салуу боюнча жол кайгуул кызматкерлери иш алып барышууда. Жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. "Арал" посту качан ачылаарын так айта албайбыз. Балким бир-эки сааттын ичинде ачылат, ал тыгынды жөнгө салуудан көз каранды», — деди Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы.

Буга чейин 27-декабрда Бишкек-Ош жолунун 80-209-чакырымында калың жааган кардан улам кар көчкү коркунучу жаралып, жол 11 саатка жабылган.


ТЕМА БОЮНЧА: