Калпакты коргогон активисттер «БишкекПарктан» 10 млн сом талап кылышты

«БишкекПарктын» жанындагы митингчилер. Сүрөт: Самат Джумакадыров / «Азаттык»

Калпакты коргоп чыккан активисттер «БишкекПарк» соода борборунун жанында митинг өткөрүштү. Нааразылык акциясына чыгышкандар соода борборунун администрациясынан кечирим суроону, ошондой эле, балдар жана карылар үйүнүн муктаждыктары үчүн 10 млн сом талап кылышты.

Митинг 29-декабрда «БишкекПарк» соода борборунун жанында өттү. Чогулган активисттер соода борборунун жетекчилиги улуттук баш кийимди «мазактаган» деп эсептешет.  

Алар калпактын итке кийгизилишин «улуттук кадыр-баркты кемсинтүү» деп эсептешет. Активисттердин айтымында, «БишкекПарктын» жетекчилиги кыргызстандыктардын алдында кечирим сурап, карылар жана балдар үйлөрүнө 10 млн сом которушу керек.

Митингчилер билдиришкендей, эгерде соода борборунун дирекциясы шарттарды аткарышпаса, анын жетекчилиги «мыйзам алдында олуттуу түрдө жоопкерчиликке тартылат». Бирок «БишкекПарктын» атынан митингчилерге эч ким чыккан жок.

Декабрдын аягында коомдук тармактарда калпакчан иттин сүрөтү жайыла баштаган.

Ит «БишкекПаркта» өткөн Dog’s Fashion Show – 2018 конкурсунда катыштырылган.

Ак калпак күнүнүн демилгечилеринин бири, режиссер Рысбек Жабиров өзүнүн фейсбук барагында Башкы прокуратурага кайрылуу жасаган. Ал итке калпак кийгизип, подиумга алып чыгаргандарды жоопко тартууга чакыркан.

Фестивалдын уюштуруучулары катышуучулардын костюмдары үчүн жооптуу эмес экенинайтып, мода көрсөтүү — бул «жөн гана конкурс» деп эсептешет. Бирок кийинчерээк алар катышууга калпак кийгизилген итти чыгарышканы үчүн кечирим сурашкан.

Бир нече күндөн кийин бул ызы-чуу парламентте талкууга алынган. Айрым депуттар итине калпак кийгизген кыз «сыйлабастык» көрсөткөн жана жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептешкен. Алардын пикири боюнча, УКМК менен Башкы прокуратура бул маселени изилдеп, өлкөнүн «намысын сакташы» керек.  

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Улуттук ак калпак күнү майрамдалат. Майрамдык иш чараларды өткөрүүнүн демилгечиси кинорежиссер Ырысбек Жабиров болуп калган. Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 26-июнунда Улуттук баш кийим күнүн майрам деп тааныган.


ТЕМА БОЮНЧА: