Жалал-Абад: Катуу шамалдан 662 турак жай жабыркады

Ала-Бука району /Азаттык

Ала-Бука районунда 27-декабрда болуп өткөн катуу шамал 662 турак-жайдын чатырын учуруп кетти. Жаратылыш кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 6 млн сомго жакын каражатты түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Ыкыбал Абдираимова «Клоопко» кабарлагандай, Ала-Бука районунун Көк-Серек жана 1-Май айыл аймактарында 27-декабрдын таңкы саат 05:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

«Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында 662 турак-жайдын, 17 социалдык имараттын жана 399 кошумча курулуштун жалпы 16 миңден ашуун шифери жараксыз абалга келгендиги аныкталды», — деди Абдираимова.

Жалпы район боюнча материалдык чыгымдын суммасы 5,9 млн сомду түздү.

Ошол эле күнү Баткен районунда болуп өткөн катуу шамал беш турак-жайдын жана эки мектептин 100дөн ашуун шиферин учурган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок.


ТЕМА БОЮНЧА: