Ирандагы митингде курман болгондордун саны 13 адамга жетти

IranHumanRights

Ирандагы өкмөткө каршы митингдер 28-декабрда башталып, 30-декабрга караган күнү эки кишинин набыт болгону кабарланган. Декабрдын соңку күндөрү өлкөнүн ар кайсы райондорунда дагы 10 митингчи көз жумган. Иран бийлиги каршылык акциясында полициянын бир кызматкери өлтүрүлгөнүн билдирген.

Президент Хасан Руханинин Жаңы жыл түнү каршылыкты токтотуу туурасындагы чакырыктарына карабастан, өлкөдө митингдер токтогон эмес.

Декабрдын акыркы күнү бери эле дегенде 10 митингчинин набыт болгону жөнүндө белгилүү болгон — алты адам Туйсерканда, эки адам Изада жана калган эки адам өлкөнүн башка аймактарында каза табышкан.

Карышылыкка чыккандардын өлүм себептери азырынча маалымдала элек, бирок алгачкы эки каза болгон дорулук митингчилер болжолдуу полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлүшкөн. Бийликтегилер билдиришкендей, митингдердин артында «чет элдик агенттер» турушат, ошондой эле, бийлик аларды каршылык акциясына чыккандарды өлтүрүү боюнча айыпташкан.

Каршылык акциясын кууп таратуу учурунда каза тапкан полициячы жөнүндө маалымат бар — аны Нажафабад шаарында курал менен атып кетишкен.

Ошентип курмандыктардын саны бери эле дегенде 13 адамга жеткен.

Мынданы тышкары, кармалгандардын саны дагы өсүп, 80ге чукул митингчини түзгөн. Алардын камакка алынгандыгы боюнча 30-декабрда белгилүү болгон, ал эми 1-январга карата 400гө жакын адам кармалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына ылайык, жабыркагандар менен каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Митингдердин себеби

Associated Press

Каршылык акциясы 28-декабрда Мешхед шаарында азык-түлүктөрдүн баасынын жогору болгону үчүн башталган, ал эми кийинчерээк буга башка ири шаарлар дагы кошулган.

Кийинчерээк каршылыкка чыккан кыймыл бир гана бааны түшүрүп, тышкы саясаттан алыстай туруп жана өлкөнүн ички көйгөйлөрү менен алектенүүнү талап кылбастан саясий камактагыларды боштондукка чыгарууну, президент Рухани менен аятолла Хименеинин кызматтан кетүүсүн жана клерикалык башкарууну токтотууну талап кыла башташкан.

«Рейтерс» (Reuters) басылмасынын малыматына ылайык, каршылыкка чыккандар «диктаторго өлүм» деп кыйкырышып, аятолла менен президенттин портреттерин өрттөшкөн.

Бийлик башаламдыктардын очокторун катуу басуу менен коркуткан, ал эми укук коргоо органдары каршылыкка чыккандарга карата ырайымсыз мамиле кылып жаткандыктары байкалган.

Митингдер комдук тармактарда жигердүү чагылдырылып, Телеграм мессенжеринде талкууга алынган, ошондуктан өлкөдө мобилдик интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү жарым-жартылай чектелип, ал эми Телеграм менен Инстаграм коомдук түйүнү тосмого алынган.

31-декабрда президент Хасан Рухани ирандыктарды тынчтыкка чакырып, өлкөдө экономикалык маселелер жана коррупция жаатында көйгөйлөр бар экенин мойнуна алган.