Депутат Шыкмаматов сот өкүмүн даттанды

Алмамбет Шыкмаматов

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляция беришти. Декабрда саясатчыны Эсеп палатасына өзүнүн аялынын машинасын саткандыгы үчүн күнөөлүү деп таанышып, ага 5 млн сом өлчөмүндө айып пул салуу өкүмү чыгарылган.

Апеляция берүү боюнча «Азаттык» басылмасына юрист Чынара Жакупбекова билдирген. Анын айтымында, коргоочу тараптын дооматтарын Бишкек шаардык сотунда карашат.

20-декабрда Шыкмаматов өзү билдиргендей, ал аны Эсеп палатасына өзүнүн аялынын машинасын сатып жиберүү боюнча күнөөлүү деп таанып, ага 5 млн сом өлчөмүндө айып пул салуу өкүмүн чыгарган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине макул эмес.

Депутат өзүнө каршы иш «саясий мүнөздүү» деп эсептейт.

«Сот мага карата туура эмес кылмыш ишин козгошкон тергөө менен прокуратураны жашыруу үчүн мени күнөөлүү деп тааныды. Менин эч бир күнөөм жок. Ал жакта кылмыштын курамы дагы эмес, кылмыштын өзү дагы жок», — деген ошондо саясатчы.

Бишкектин Биричи май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 2011-жылы Эсеп палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген деп күнөөлүү тапкан. Сот Шыкмаматовду ал эч качан кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын эске алуу менен аны эркиндигинен ажыратпоону чечкен.

Шыкмаматов менен «Ата Мекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Башкы прокуратура Шыкмаматовго каршы 2017-жылдын 17-февралында «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк айыптоочу тарап сотто «коррупция» жана «коррупцияга кошо катышуу» беренелерин кармана баштаган.

Алмамбет Шыкмаматов — учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

Шыкмаматовдун бирге иштешкен санаалашы жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу айыбы боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк ачып берүүнү убада кылган.

Партиянын дагы бир мүчөсү жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны узартып берди делип, 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бирок Саляновага карата өкүмдүн аткарылышы 2029-жылга чейин жылдырылган, анткени анын кичинекей баласы бар.


ТЕМА БОЮНЧА: