2018-жылдан баштап кайсы мыйзамдар иштей баштады? Кыскача жана кененирээк түшүндүрөбүз

Тамекинин баасы өстү, мамлекеттик электрондук китепкана пайда болду, ЕАЭБдин Бажы кодекси ишке кирди — Кыргызстанда 2018-жылдан баштап дагы кайсы мызамдар ишке кирет?

Кыскача:

Тамекинин баасынын кымбатташы

Балдардын жөлөк пулдарын төлөө мартка чейин жылдырылды

Мамлекет алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жөнгө сала баштады

Улуттук электрондук китепкана түзүлөт

Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси боюнча келишими ратификация болду

Тамекинин баасын жогорулатуу боюнча мыйзам

1-январдан тартып бардык тамеки түрүндөгү өндүрүмдөрдүн баасы беш сомго кымбаттады. Кийинки жылдардан тарта тамекинин баасы 10 сомго жогорулап турат — кымбаттоо 2020-жылга чейин уланат.

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, тамекилерди кымбаттатуу боюнча чаралар кыргызстандыктардын тамеки тартуусун кыскартуу жана ден соолуктарын чыңдоосу менен байланыштуу.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири жана парламенттин депутаты Дастан Бекешев бул өлкөнүн бюджетине кошумча киреше алып келет деп эсептейт. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, тамекиге бааны кымбаттатуу мамлекетке 938 млн сомго жакын салык чогултууга мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзам мартка чейин жылдырылды

Каракөлдөгү балдар. Сүрөт: Рустем Ильясов/Kloop.kg

Январь айынан тартып Кыргызстанда балдарга милдеттүү жөлөкпул төлөө боюнча мыйзам иштей баштады — эми мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага акчалай жөлөкпулдарды төлөп бериши керек.

Бирок өкмөттөн билдиришкендей, төлөм схемалары азырынча иштелип чыгарыла элек жана мартка чейин жылдыра турууну сунушташкан. Парламент министрлер кабинетинин сунушун жактырып, президент Сооронбай Жээнбеков дагы төлөмдөрдү жылдыра турууга макул болгон.

Бул убакыт аралыгына «мамлекеттик жөлөкпулдар менен камсыздоо системасын жакшыртуу» үчүн парламенттин депутаттарынан жана коомдук ишмерлерден турган жумушчу топ түзүлөт.

Жөлөкпулдары кантип жана ким алат:

• Бир жолку жөлөкпул — бала төрөлгөндө энесине. Алдын ала төлөм — 4000 сом;

Ай сайын:

• Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр. Алдын ала төлөм бир балага — 700 сом;

• Үч баладан көп балдары бар үй-бүлөлөр (16 жашка чейинки ар бир балага) алдын ала төлөм — бир балага 500 сом;

• Бир же эки ата-энесисиз калган 18 жашка чейинки балдарды асырап алгандар;

• ВИЧ же СПИД диагнозу менен төрөлгөн энелерден 18 жашка чейинки балдар;

• Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдар;

Жөлөкпулдар ошондой эле, пенсия алууга укугу жок адамдарга дагы төлөнүп турат. Көбүнчө категориялар үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү азырынча белгилене элек, ал эми башкалар үчүн болгону алдын ала белгиленген.

Алкогол менен спирт өндүрүмүн жөнгө салуу боюнча

Ушул жылдын башында өкмөт алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана чекене сатылышын жөнгө сала баштайт, ошондой эле этил спиртинин жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алат.

Алкогол өндүрүү боюнча талаптарды сактоо үчүн бийлик «Бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система» түзүүнү чечти. Анын жардамы менен этил спиртинин жана алкогол продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмдөрүнө көз сала алышат. Бийлик бул системаны ишке киргизүү мамлекеттик бюджетке салык кирешелерин көбөйтөт деп эсептейт.

Алкоголдун саны менен сапатын көзөмөлдөгөн системанын өзүн киргизүү үчүн Кыргызстан болжолдуу 1,5 млн сом жумшайт. Бул каражаттар Бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системаны тейлөө боюнча борборго жабдыктарды сатып алуу үчүн сарпталат.

Китепкана иши боюнча

Мыйзамга өзгөртүүлөр Улуттук электрондук китепкана түзүүнү шарттайт — ал тарыхый документтер менен сүрөттөрдү сактап калуу үчүн керек. Мындан тышкары, китепкананы өнүктүрүү стратегиясын, китепкана программалары жана китепканалардын ишин координация кылуу менен алектене турган Ведомстволор аралык китепкана кеңеши түзүлөт.

Ошондой эле, мыйзам китепканаларды жараксыз орун жайларга которууга тыюу салып, мамлекетти аларды тийиштүү каржылоого милдеттендирет.

Мындан тышкары, мыйзамда окуучулардын китепканада интернетке кирүү укугу жазылган, ал эми «улуттук азчылыкка» китепкана фондунан өздөрүнүн эне тилинде (эгерде болсо) колдонуу укугу берилген.

Жаңы мыйзам боюнча, китеп эстеликтери (мисалы, колго жазылган китептер жана сейрек кездешкен басмалар) эми атайын реестрде каттоого алынат.

ЕАЭБдин Бажы кодекси боюнча келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзам

Кыргыз-казак чек арасындагы адамдар. Сүрөт: Иван Янушкевич

Январь айынан баштап башка ЕАЭБге кирген өлкө-мүчөлөрү сыяктуу эле Кыргызстандын аймагында бажылык жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелери иштей баштады.

Келишимге ылайык, 2018-жылдын январынан тартып бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү, бажы операцияларын автоматташтыруу жана «бирдиктүү терезе» механизмин колдонуу башталды. Операциялардын жарымы, анын ичинде жүктөрдү бажыдан өткөрүү эми электрондук түргө өткөрүлүп турат, ал эми аба жана темир жол транспорттору аркылуу жүк ташуулардан төлөмдөр аз алына баштайт.