Өкмөт экологияны коргоо үчүн «Жаратылышты өнүктүрүү фондун» негиздеди

Иллюстративдик сүрөт

Премьер-министр Сапар Исаков «Жаратылышты өнүктүрүү фондун» негиздөөнү буйруду. Фонддун башкы максаты айлана чөйрөнү коргоо болот. Уюмдун демөөрчүлөрүнүн бири 50 млн доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм киргизе турган «Кумтөр Голд Компани» эсептелет.

Жаңы уюмдун негизги ишмердиги экологияны коргоого, ошондой эле, тараптар 2017-жылдын сентябрында макулдашышкан «Центерра Голд Инк» компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы Айлана чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык келишимди аткарууга багытталат.

Фонддун негизги демөөрчүлөрүнүн бири «Кумтөр Голд Компани» болуп калат. Ал уюмдун бюджетине 50 млн доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм киргизет жана ошондой эле, Кумтөр кенин эксплуатациялоо аягына чыкканга чейин жыл сайын кошумча дагы 2,7 млн доллар төлөп турат. 

«Төлөмдөр бир гана айлана чөйрөнү өнүктүрүү, Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактоо жана Кумтөр кенине жакын жайгашкан аймактардын жана ошондой эле, бүткүл өлкөнүн айлана чөйрөсүн коргоо боюнча адистердин дараметин өнүктүрүү үчүн колдонулат», — деп айтылат өкмөттүн токтомунда.

2017-жылы Кыргызстанда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө «Кумтөргө» кен казууга уруксат берген Суу кодексине чуулуу өзгөртүлөрдү кабыл алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: