Чоң-Алайда жер титиреди, жабыркагандар жок

Ош облусунун Чоң-Алай районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыр тарткандар жок деп билдирди.

Чоң-Алай районунда 4үнөн 5-январга караган түнү жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан маалымдашкандай, силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө 5-январга караган түнү саат 02:15те байкалган. Очогу Алай тоо кыркасынын этек жактары», — деп билдирет институттан.

Табигый кырсык калктуу аймактарда байкалып, аталган райондогу Кара-Тейит айылында 2,5 баллдык, Карамык айылында 2 баллдык жер силкинүү сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Клоопко» маалымдашкандай, табигый кырсык катталган жерде кыйроолор болгон жок.

Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-майында күчү 8 баллга жеткен ири жер силкинүү катталган. Анда Карамык, Шибе, Жекенди, Чүлүк жана Кара-Тейит айылдары жабыр тартып, 3 миңден ашуун адам турак-жайынан ажыраган.


ТЕМА БОЮНЧА: