Депутат Канатбек Исаевди 12 жылга абакка кесүү өкүмү чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттин депутаты Канатбек Исаевди күчөтүлгөн тартиптеги абакка 12 жылга кести. Мунапыс колдонулгандан кийин анын абак мөөнөтү тогуз жылга чейин кыскартылды.

Биринчи май райондук сотутунун судьясы Абдуразак Боромбаев Исаевди коррупция боюнча тагылган айып менен мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерип, 12 жылга кести. Мунапыс боюнча Исаевдин абак мөөнөтү тогуз жылга кыскартылды.

Соттун чечими боюнча депутат үч жыл аралыгында мамлекеттик кызматтарда эмгектене албайт.

Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмоктун мэри болуп турган кезде Токмокто муниципиалдык базар жана автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот айыптоонун башка эки пункту боюнча Исаевди актады.

Исаев өзү билдиргендей, ага карата кылмыш иши «саясий мүнөзгө» ээ.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө сос системасы "Ак үйдүн" буйругу менен иштейт. Эртеби-кечпи баары бир бардыгы жооп беришет, бардык соттор өз аракеттери үчүн жооп бере турган убакыт келет. Урматтуу сот, мен сизди адилеттүү өкүм чыгара алат деп ишенем», — деди Исаев.

Исаевдин адвокаты Бакыт Осмоналиев билдиргендей, кылмыш иши «тергөөчүлөрдүн фантазиясы менен түзүлгөн» жана ал сот чечимин даттанууну пландап жатат.

Мурдараак мамлекеттик айыптоо анын күнөөсү толук далилденген деп эсептеп, Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.


ТЕМА БОЮНЧА: