«Манас» университетинин студенти Кыргызстан жөнүндө жаман сөздөрү үчүн окуудан четтетилди

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенти Өмер Йенерди кайра окуусун уланта албай турган кылып окуу жайдан четтетилди. Ал коомдук тармактарда Кыргызстан жөнүндө жагымсыз сөздөрдү айтып атканы тартылган видеону жарыялаган. Окуу жайдын администрациясынан билдиришкендей, анын сөздөрү университеттин «духу менен концепциясына» каршы келет.

«Манас» университетинин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына тастыкташкандай, түркиялык студент Өмер Йенерди окууга калыбына келтирүү укугусуз четтетишкен.

«Окуу жай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жана ошондой эле, башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык менен достукту бекемдөө үчүн негизделген. Студенттин видеосу окуу жайдын концепциясына дал келбейт жана анын жеке пикири болуп эсептелет», — деп билдиришти университеттен.

«Манастын» бир нече студенттери түркиялык үч студенттин айткандары боюнча чара көрүүнү талап кылышып, окуу жайдын жетекчилигине кайрылышкан.

Алар өздөрүнүн кайрылуусунда университеттин студенти Өмер Йенер достору менен 1-январдан 2-январга караган түнү Инстаграмга «өздөрүнүн шылдыңдаган мүнөздөгү сөздөрү жана аракеттери менен кыргыз элин кемсинтишкен» видео жарыялашты деп жазышкан.

«Азаттык» басылмасы билдиргендей, студент өзүнүн видеосунда Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышы боюнча жактырбагандай көз карашын билдирген.

Билдирүүдө студенттин так цитаталары менен айткандары көрсөтүлгөн эмес, бирок кайрылуунун авторлору катка студенттер «Кыргызстандын элин кемсинтип жатышкан» видео тасма жаздырылган DVD-дискти тиркешкен.

«Студенттер өз аракеттери менен Кыргызстандын элин гана кемсинтпестен, бүтүндөй биздин университеттин беделине зыян тийгизишти деп эсептейбиз», — деп билдиришкен кайрылуунун авторлору.

Кийинчерээк Йенер видео жаздырып, кыргызстандыктардын жана «Манас» университетинин студенттеринин алдында айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган, бирок бул ага окуусун улантууга жардам берген эмес.

Кыргыз-түрк «Манас» университети өлкөдө өз ишмердүүлүгүн 1995-жылы баштаган. Учурда окуу жайда беш миңдей студент билим алат, алардын көпчүлүк бөлүгүн кыргызстандык студенттер түзөт. Университетти Түркиянын өкмөтү каржылайт.