Сарпашев өзүнө каршы бардык кылмыш иштер токтотулганы жөнүндө билдирди

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев «Азаттык» үналгысына билдиргендей, өзүнө каршы бардык кылмыш иштер токтотулган. Буга чейин аткаминер кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга шектелип жаткан болчу.

Сарпашев «Азаттык» үналгысына курган маегинде өзүнө каршы бардык кылмыш иштери боюнча айып тагуулар далилденген эместигин билдирди.

2017-жылдын март айында башкы прокуратура ага каршы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул КТРК телеканалынын туулгандыгы жөнүндө жараксыз 40 миң күбөлүк тууралуу иликтөөсүнөн кийин болгон.

Сарпашевге ал 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде жараксыз болуп калган туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн 40 миң бланкын сатып алууну буйруган деп айып тагылган.

Ал эми Сарпашев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, тергөө менен кызматташууга даяр болгон.

Ошондой эле, ага каршы Бишкекте кыймылсыз мүлктү камактан «мыйзамсыз» чыгаруу айыптоолору боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан. Бул кыймылсыз мүлк кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин «ишенимдүү адамы» болгон Ульяна Пакка таандык болгон.

2017-жылдын июнь айынын ортосунда Сарпашев өз ыктыяры менен МККнын башчылыгык кызматынан кеткен.

Мынданы тышкары, мурдагы аткаминер «Азаттыкка» өзүнүн обого чыгуусун токтоткон «Сентябрь» телеканалы менен журналист Талгат Бакиевди сотко берип жаткандыгын тастыктаган.  

Сарпашевин айтымында, 2016-жылы телеканалдын эфиринде ал «паспортторду 20 миң доллардан сатып жаткандыгын» билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: