Жалал-Абад: 61 жаштагы жаран каракчынын колунан каза тапты

Сузактын 61 жаштагы тургуну өз үйүнө тоногону кирген жарандын колунан жараат алып, ооруканада көз жумган. «Каракчылык» беренесине шектелип 22 жаштагы жаран кармалды.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 61 жаштагы жашоочусу үйүнө кирген тоноочунун колунан каза тапты. Окуя 2017-жылдын 30-декабрына караган түнү саат 3.00 чамасында Күмүш-Азиз айылында болгонун Жалал-Абад ОИИБнен билдиришти.

«Тоноочу 61 жаштагы үй ээсин, аялын жана кызын токмоктоп, баалуу буюмдарды талап кылган. Жабырлануучулар ошол эле түнү Сузак аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген», — деп билдирди маалымат кызматы.

Мамлекеттик мекемеден кабарлашкандай, алган жараатынан улам 3-январь күнү үй-бүлө башчысы эсине келбей, ооруканада каза тапкан.

Маалыматка ылайык, кылмышкер жабырлануучуларды темир жана күрөк менен сабаган. Кымбат буюм таба албаган соң тоноочу качып кеткен.

Аталган факттын негизинде Жалал-Абад ОИИБи «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шектелип ошол эле райондун Кайрагач айылынын тургуну 1995-жылы төрөлгөн Б.М аттуу жаран кармалган. Ал 4-январь күнү Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Өз көрсөтмөсүндө шектүү каза тапкан кишинин аялы менен аласа-бересе мамиледе болгонун айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: