Батыралиев Бишкектеги №1 поликлиниканын башчысын кызматтан алды

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектин №1 поликлиникасынын директорунун милдетин аткаруучусу Айдарбек Шакировду кызматтан алды. Поликлиниканын врачтары Шакиров алардан акча талап кылганын жана 9 айда 90дон ашуун кызматкерди жумуштан кетиргени үчүн арызданышкан.

Батыралиев поликлиниканын директорунун милдетин аткаруучусу Айдарбек Шакировду кызматтан кетирүү боюнча буйрукка 8-январда кол койду. Ал билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Шакиров тарабынан болгон «бир нече жолку эреже бузууларды» аныктаган.

«Жетекчилик жамаатта нормалдуу психологиялык атмосфераны түзө албай жатат. 2017-жылдын декабрында прокуратуранын үч көрсөтмөсү болгон», — деди ал.

Ошол эле күнү, 8-январда, №1 поликлиниканын кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышып, аларды министр өзү кабыл алган.

Поликлиниканын врачтары менен кызматкерлери премьер-министрге, Саламаттык сактоо министрлигине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага жана Каржы полициясына кайрылышкан. Алар Шакиров 2017-жылдын ноябрынын аягында мыйзамсыз аракеттерди кылган деп айыпташкан.

Поликлиниканын кызматкерлери ырасташкандай, Шакиров иш бөлмөлөрүн айына 20-25 миң сомго ижарага берип, ай сайын айрым бир кызматкерлерден 1000 сомдон 5000 сомго чейин акча талап кылган.

Кызматкерлердин кайрылууларына ылайык, Шакиров өзүнүн кызматтагы учурунда «өз каалоолору менен» 90дон ашуун кызматкерди жумуштан кетүүгө аргасыз кылып, ал эми алардын ордуна кесипкөй эмес врачтарды дайындаган.

«Биз №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери Шакировдун келиши менен мамлекеттик поликлиникада эмес, анын жеке ишканасында иштеп жаткандай болуп жатабыз. Ал эми Шакиров өзүн бул поликлиниканын ханы сезет. Шакиров кызмат абалынан пайдалануу менен эмне кааласа ошону кылып, кызматкерлерге карата өзүн корс, кыжырын келтиргендей мамиле кылып, аларды бүтүндөй жамааттын алдында адамдык ар-намыстарын кемсинтет жана басмырлайт», — деп билдиришкен алар.

Ал эми Шакиров өзү кызматкерлердин айыптоолорун «карандай калп» деп атады.

«Оптимизация жүргүзүлүүдө. Албетте, кайталанган функциялардан кутулуу үчүн штатты кыскартуу жана кайра профилдештирүү жүрүүдө. Ооба, мисалы, мен массаж сыяктуу кызматтардын акыларын көтөрүү жөнүндө ойлонуп жатам. Бирок Үй-бүлөлүк медицина борборунда мен эч кандай бир СПА-салондорду ачууну көздөгөн жокмун. Бул карандай калп», — деди Айдарбек Шакиров.

Шакиров №1 поликлиниканын директорунун милдетин аткаруучулук кызматына 2017-жылдын жаз айларында дайындалган.


ТЕМА БОЮНЧА: