Эч кандай оливьесиз. Ыкчам кызматтар Жаңы жылды кандай тосушту?

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү Жаңы жыл тосуп жатышканда милиция, өрт өчүргүч жана тез жардам кызматтары иштеши керек болчу. Майрамдаганга чамасы жоктор кандай иштешет жана бири-бирин, туугандарын (жок дегенде телефондон) куттуктоо үчүн кантип бир мүнөт табышат? «Клооптун» операторлору бул тууралуу билиш үчүн Жаңы жыл алдындагы сааттарды алар менен өткөрүштү.