Кыргызстандын түштүк аймагында алты медресе жабылды

Иллюстративдик сүрөт

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы алты диний окуу жай жабылганын билдирди. Дагы 16 медресеге эскертүү берилген.

Жабылган диний окуу жайларга Ош облсусунун Ноокат районундагы «Султан Саркар», Кара-Суу районундагы «Имам Аъзам» жана Араван районундагы «Рустам Хажи» медреселери кирет.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Сузак» жана «Алтын урпак», Баткен облсусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Азрети Али» диний окуу жайлар жабылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков «Клоопко» билдиргендей, 2017-жылдын декабрь айында түштүк аймыгы боюнча мониторинг жүргүзүлүп, анын натыйжасында алты медресе жабылган.

Мурзабековдун айтымында, медреселер балдарга сапаттуу билим бере алышкан эмес.

«Бул медреселердин шарты начар болгон, балдарга жакшы билим бере алышкан эмес. Окуучулары да аз экен. Ошондуктан булардын ишмердүүлү токтотулду», — деди Мурзабеков.

Ал кошумчалагандай, өлкөнүн түштүк аймагындагы дагы башка 16 медресенин ишмердүүлүгүндө кемчиликтер аныкталган. Аларды жоюу боюнча расмий эскертүүлөр айтылып, үч айга чейин мөөнөт берилген.

Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча жалпы 52 диниий окуу жай бар. Алардын 4ү институт, 48и медресе.


ТЕМА БОЮНЧА: