Санжар Муканбетовдун талапкерлиги вице-премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Санжар Муканбетовду вице-премьер-министрлик кызматка көрсөттү. Ал 2017-жылдын декабрынын аягында Улуттук банкты жетектей баштаган Толкунбек Абдыгуловдун ордун ээлеп калышы мүмкүн.

Парламент Муканбетовдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин 10-январда карайт.

Анын талапкерлиги колдоого алынса Муканбетов 2017-жылдын декабрынын аягында Улуттук банкты жетектей баштаган Толкунбек Абдыгуловдун ордун ээлеп калат.

Муканбетов 2017-жылдан бери өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп турган.

Ал өзүнүн эмгек жолун 1996-жылы Маммүлк фондусунда алдыңкы адис болуп эмгектенип баштаган.

Эки жылдан кийин ал Чет элдик инвестициялар боюнча мамагенттикте башкы адис болуп иштей баштаган.

Ал эми 2001-жылы Муканбетов Каржы министрлигинин мамлекеттик инвестицияларын башкаруу боюнча программасынын начальнигинин кызматына дайындалган.

Бир жылдан кийин ал Инвестициялык саясат департаментинин директору болуп калып, Экономика министрлигине иштегени өткөн.

2007-жылы Муканбетовду Экономика министрнин орун басарлык кызматына дайындашкан. Бул кызматта үч жыл эмгектенген соң, Муканбетов Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директорлор кеңешинин мүчөсү болуп калган.

Ал эми 2012-жылы аны кайрадан Экономика министринин орун басарлык кызматына бекитишкен.