Кыргызстан шайлоо системасын колдоого 2,5 млн евро грант алды

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо

Финансы министрлиги Европа биримдигинен шайлоо системасын реформа кылууга 2,5 млн евро өлчөмүндө грант алды. Бул каражаттар «ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө» багытталат.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, каражаттар жарандардын шайлоо системасына болгон «ишенимин калыбына келтирүү» үчүн бөлүнүп жатат.

Европа биримдигинин программасына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоо процессинин бардык баскычтарындагы жумушу байкоочулардын көзөмөлүндө өтүшү керек.

Ошондой эле, каражаттар Мамлекеттик каттоо кызматы колдонуп жаткан система маалыматтарды коргоонун талаптарына дал келиши үчүн жумшалат.

2016-жылы Европа биримдиги 232 млн сом (болжолдуу 2,8 млн евро) өлчөмүндө грант бөлгөн. Бул каражатты Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүлөр үчүн электрондук урналарды сатып алууга сарптаган.

Мындан тышкары,  БШК 2016-жылы шайлоо системасын реформалоо үчүн эл аралык уюмдардан 13 млн евро грант алган.

Электрондук урналар 2016-жылдын декабрында Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча курултайда, ошондой эле, 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо колдонулган.

Анда президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен. Укук коргоочулар менен эл аралык байкоочулар билдиришкендей, шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулган.