Москвада «киши колдуу» болгон эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

Москва дарыясы

Москва шаарында 29-декабрдан тарта дайынсыз жоголгон эки кыргызстандыктын «киши колдуу» болгон сөөктөрү табылды. Алардын бири уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган.

Саат 16:47де жаңыртылды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, он күндөн бери дайынсыз жоголгон эки кыргыз жаранынын «киши колдуу» болуп өлтүрүлгөн денелери 2017-жылдын 30-декабрында жана ушул жылдын 7-январында Москва дарыясынын жээгинен табылган.

Каза болгондор Оштун Өзгөн районунун 36-37 жаштардагы атуулдары болушкан. Алардын бири Москва шаарында иштегенине бир ай болсо, экинчиси курулушта бригадир кызматын аркаларган. Кыргызстандыктар 2017-жылдын 28-декабрь күнү өздөрү жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес.

Орусиядагы «Боордоштор» кайрымдуулук тобунун негиздөөчүсү Жылдыз Осмонова «Клоопко» кабарлагандай, маркумдардын биринин сөөгүн мекенине жөнөтүү үчү 210 миң рубль топтолгон. Экинчисинин сөөгүн алып кетүү үчүн туугандары кол кабыш кылышкан.

ИИМдин маалымат кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, маркумдардын бири 2015-жылдан бери уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары министрликтин каттоосунда турган.

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев кыргызстандыктардын сөөктөрүн балыкчылар таап алышканын маалымдаган. Москва облустук тергөө комитети «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Авторлошу: Эмирлан Маматкадыров


ТЕМА БОЮНЧА: