Ош облустук сотунун судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Ош облустук соту. Сүрөт: Жогорку сот

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьясы Мамасалы Токтомушевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койду.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 9-январда Ош облустук сотунун судьясы Мамасалы Токтомушевдин мөөнөтүнөн мурда, өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызына кол койгон.

Ошондой эле, Чүй облустук сотунун судьясы Индира Айтбаева да ээлеген кызматынан бошотулду.

Маалыматка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу менен Токтомушевдин жана Айтбаеванын ыйгарым укуктары токтотулган.

Токтомушев 2013-жылдын 27-февралында судьялыкка дайындалган.


ТЕМА БОЮНЧА: