Бишкекте 15-январдан тарта машиналарды мажбурлап эвакуациялоо башталат

Бишкектин патрулдук милициясы 15-январдан тарта туура эмес токтотулган машиналарды эвакуация кылууну баштайт. Машинаны айып унаа токтотуу жайына чейин эвакуация кылуунун баасы айдоочуларга 1350 сомду түзөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) туура эмес токтотулган машиналарды эвакуация кыла турган «Портал групп» компаниясы менен келишим түздү.

«Портал групптун» жетекчиси Кубанычбек Барыктабасов «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, учурда алардын паркында Бишкекте 15-январдан тарта ишке чыга турган 15 эвакуатор бар.

«Биз машиналарды эвакуация кылуу менен аларды айып унаа токтотуу жайына чейин жеткирүүгө жооптуу болобуз. Автомобил кайсы жакка эвакуация болгонун билүү үчүн патрулдук милициянын кезмет бөлүмүнө чалуу керектелет», — деди Барыктабасов.

Машинаны айып унаа токтотуу жайына чейин жеткирүүгө айдоочуларга 1350 сомду түзөт. «Мажбурлап эвакуация болгон машиналарды көчүрүү жана сактоого кеткен чыгымдарды төлөө эреже бузган айдоочуга жүктөлөт», — деп түшүндүрдү ЖКККББ.

Машиналар «Эвакуатор» деген жол белгиси орнотулган жайлардан эвакуация болуп турат. Мындай белгилерди соода борборлорунун жанында жана Бишкектин көйгөй жараткан жол тилкелеринде орнотуу пландалууда.

Патрулдук милиция 2017-жылдын сентябрынан тарта туура эмес токтотулган машиналардын дөңгөлөктөрүнө капкан тосмолорду орното баштаган. Туура эмес токтотулган машиналар үчүн айып пулдун өлчөмү 1000 сомду түзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: