Өкмөт балага сүйнчүнү берүү процессин жөнөкөйлөтүүнү убада кылды

Премьер-министр Сапар Исаков бала төрөлгөнү боюнча сүйүнчү берүү механизмин февралдын ортосуна чейин жөнөкөйлөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчысы Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев менен жолугушуу учурунда билдиргендей, жарандар бала төрөлгөнү боюнча жөлөкпул алуу үчүн «инстанцияларга чуркоого» аргасыз болушууда.

«Алар алгач туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, андан соң башка документтер менен бирдикте социалдык колдоо көрсөтүү органдарына тапшырышы керек. Механизмди жөнөкөйлөштүрүү керек», — деди ал.

Догоев МКК Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен сүйүнчү берүүнү илгерилетүү үчүн электрондук карым-катнаш системасы иштелип жатканын айтты.

Анын айтымында, Жарандык абал актыларын каттоо органдары төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү бергенден кийин бала жана анын ата энеси тууралуу маалыматтарды дароо Социалдык өнүктүрүү министрлигине жөнөтүп турат.

Догоев эми жарандар акча алуу үчүн социалдык өнүктүрүү органдарына кайрылышпай кала тургандарын айтты.

«Өлкөнүн жарандарына сүйүнчү алууга арыздарды кароо баскычтары тууралуу бардык маалыматтар көрсөтүлгөн уюлдук номерге СМС-маалымат түрүндө жөнөтүлөт», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Өкмөттөн билдиришкендей, январда сүйүнчү алуу үчүн кайрылышкан жарандар жөлөкпулду февралдын ортосунда ала алышат. Өкмөт башчысы жөлөкпул берүү механизмин февралдын ортосуна чейин жөнөкөйлөтүүнү тапшырды.

Бала төрөлгөнү боюнча сүйүнчү берүү мыйзамы 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бир жолку бериле турган жөлөкпулдун өлчөмү 4 миң сомду, ал эми айрым тоолуу аймактарда 6 миң сомду түзөт.