Ош облустук мамкурулуш үч жолку ийгиликсиз тендерден кийин экинчи кызматтык машинадан баш тартты

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 1 млн 400 миң сомго талаптагыдай жол тандабас сунушталбаганын жүйөө кылып, 8-январда жарыялаган тендерин токтотту.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 1 млн 400 миң сомго ак түстүү, 2012-2014-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жол тандабас сатып алууну каалаган. Бул жолкусунда да мекеменин оюндагыдай машина сунушталган эмес.

Ошол себептүү 8-январда жайгаштырылган тендер токтотулганын Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рустамбек Шерматов «Клоопко» билдирди.

«Жеткирүүчүлөр 1 млн 400 миң сомго жол тандабас келбейт, белгиленген сумма аз деп жатышты. Абалы начар унаалар сунушталып, жыйынтыгында тендер токтотулду», — деди Шерматов.

Бул үчүнчү ирет жарыяланып жаткан тендер. Буга чейин 2017-жылдын 4-декабрында жана андан кийин 18-декабрында да тендер жарыяланган. «Үчүнчү жолкусунда да абалы начар унаалар сунушталып, жыйынтыгында кызматтык унаа албайбыз деп чечтик», — деп токтолду Шерматов.

Башкармалык аймактарга барууга ыңгайлуу болгону үчүн жол тандабас сатып алууну каалаган. Учурда мекемеде 1998-жылы чыгарылган Toyota Harrier үлгүсүндөгү бир кызматтык унаа бар.


ТЕМА БОЮНЧА: