Парламент Исаковдун өкмөтүнө төртүнчү вице-премьер-министрди жактырды

Санжар Муканбетов. Сүрөт: Парламенттин басма сөз борбору

Парламенттин депутаттары Санжар Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьер-министрлик кызматка жактырышты — ал экономика тармагына жооптуу болот.

Муканбетовду вице-премьер-министр кылып 10-январда парламенттин жыйынында шайлашты — ал үчүн 120 депутттын ичинен 98и добуш берген.

Сапар Исаковдун өкмөтүндөгү жаңы аткаминер экономикалык блокко жооптуу болот. Муканбетовго чейин бул тармак үчүн Улуттук банкты кайра жетектей баштаган Толкунбек Абдыгулов жооптуу болгон.

Эсеп боюнча төртүнчү вице-премьер-министрди дайындоо парламенттин айрым депутаттарынын күмөн саноолоруна алып келди — алар Сапар Исаковго мынча орун басардын керектигинен күмөн санашты.

«Күздөн бери эле вице-премьерлерди шайлап келе жатабыз. Элди айтпай эле коёлу, биздин дагы башыбыз айланып калды», — деп нааразы болду КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков.

Депутат Дастан Бекешев билдиргендей, вице-премьер-министрлердин милдеттерин министрлер өздөрү эле аткара алышат жана мурда эки же үч орун басар жетишээрлик эле болчу.

«Башка өлкөлөр кантип жашашат? Вице-премьердин бардык ыйгарым укугу — буйрук берүү. Мисалы, биз кат жазабыз, ал аны министрликке жөнөтөт, алар жооп беришет, ага жооп жөнөтүшөт, аны бизге кайра жиберишет», — деди Бекешев.

Бирок биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев депутаттардын комментарийине каршы болду. Анын айтымында, өкмөттүн «8:30да башталып, түнкү 12де бүткөн» жумушу көп.

«Депутат болгон кезимде мен да ошентип ойлойт элем. Төрт вице-премьер көп деп ойлойт элем. […] Жумуш көп, ал эми төртүнчү вице-премьер бизге керек», — деди Шадиев.