Статкомитет «мас абалда» видеого тартылган бөлүм башчыны кызматтан алды

Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов «ишке мас абалда келген» деп ээлеген кызматынан бошотулду. Буга чейин интернетте анын бөлмөсүндө эки кишинин мас абалда уктап жаткан тасмасы тараган.

Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Ош облусундагы Ноокат райондук статбөлүм башчысы Расулбек Ташов ээлеген кызматынан четтетилди.

Буга чейин интернетте видео тарап, анда Ноокат райондук статбөлүмдүн жетекчисинин иш бөлмөсүндө мас абалда коңуруп тартып уктап жаткан эки киши тартылган.

Улуттук статкомитет бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүп, анын натыйжасында Ташовду «эмгек тартибин одоно бузган» жана «ишке алкоголдук, баңгизат же башка токсикалык мас абалында келген» деп, ээлеген кызматынан алды.

Ошондой эле Ташовдун орун басары Шайырбек Арапов да «кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн» жумушунан четтетилди.

Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Ташов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айткандай, өзүнүн кесиптештери ага дары ичирип уктаткан жана ал спирт ичимдиктерин пайдаланбайт.

«Интернетке жайылган видеодо мага дары берип уктатып, анан тартышкан. Мен бул окуяга тиешеси бар деп жетектөөчү адис менен катчыдан шек санап жатам», — деди Ташов.

Ташовдун тиешелүү органдарга окуяны териштирүү боюнча арыз менен кайрылмакчы.


ТЕМА БОЮНЧА: