Токтогулда жашоочулар патрулдук милициянын ишин жакшыртуу үчүн имарат салып беришти

Токтогул райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жаңы имараты. Сүрөт: ИИМ

Жалал-Абаддагы Токтогул райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине жашоочулар ашар жолу менен 1,5 млн сомдой акча чогултуп, жаңы имарат куруп беришти.

Токтогул шаарынын тургуну Орозалы Аманбеков райондук патрулдук милиция кызматкерлеринин өз имараты жок болгондуктан аларга үч бөлмөлүү ишкана куруп берүүнү чечишкенин «Клоопко» айтты.

«Патрулдук милициянын өз имараты жок болгондуктан ар кайсы жерде көчүп иштөөлөрүнө туура келген. Кары-жашы дебей имараттын куруу иштерине жардам бердик. Баарыбыз жапа тырмак ашар жолу менен бүтүрдүк», — деди Аманбеков.

Тартип сакчыларынын иштөө шартын жакшыртыш үчүн үч бөлмөлүү имаратты тургузууга райондогу жашоочулар 1 млн 550 миң сом акча чогултуп беришкен. Имараттын ачылышы 9-январда болуп өттү.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» билдиргендей, жаңы имаратты курууга жети айдай убакыт кеткен.

«Патрулдук милиция менен элеттиктер ашар жолу менен жаңы имаратты курууну жаз айларында башташкан. Имараттын ачылышы менен иштөө шарты жакшырып, жол коопсуздугун камсыздоо багытында тез чара көрүүгө өбөлгө болмокчу», — деди Турдубеков.

Райондо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүндө жети тартип сакчысы эки кызматтык унаа менен иш алып барышат.

Токтогул районунда 6 миңге жакын унаа каттоого алынган. Райондук патрулдук милиция кызматкерлери, ошондой эле, Бишкек—Ош унаа жолунун 137 чакырымын тейлейт.