Ош шаарында жүргүнчүлөрдү аялдамада алып-түшүрбөгөн айдоочулар бир айга жумушунан четтетилди

Соңку бир жарым айда жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында жол эрежесин бузган жана документтеринде мүчүлүштүктөр болгон 12 кичи автобустун айдоочусу бир айга чейин, ал эми дагы 17 маршрутканын айдоочусу он күнгө чейин Ош шаарында жүргүнчү ташый алышпайт.

Ош шаарында бир айга чейин жүргүнчү ташый албай калган коомдук транспорттун бардыгын кичи автобустар түздү. Андан тышкары автобустардын айдоочуларына эскертүүлөр берилди.

Ош мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максут Маматазизов «Клоопко» 10-январда маалымдагандай, административдик жазага тартылган маршутканын айдоочуларынын айрымдарынын документтери туура эмес болуп, көпчүлүгү жүргүнчүлөрдү аялдама жок жерден алып-түшүрүшкөн. Муну менен алар тыюу салынган жерлерде жүргүнчүлөрдү алып же түшүрүп жол тыгынын пайда кылышкан.

«Рейддин жыйынтыгы менен жол эрежесин бузган айдоочуларга административдик чара көрүлүп, 12 кичи автобус бир айга, 17 кичи автобус 10 күнгө жумушунан четтетилген», — деди Маматазимов.

Мэрия муну менен шаарда жүргүнчүлөрдүн каттамы үзгүлтүккө учурабайт деп эсептейт. Административдик жазага тартылган айдоочулардын документтери мэриянын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде бир айга чейин сакталып турат.

Өткөн жылдын декабрь айынан бери шаар боюнча жүргүзүлгөн рейдде 214 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, анын 59у коомдук транспорттун айдоочулары экени аныкталган.

Ош шаарында күнүнө 600гө жакын кичи автобус, 42 автобус жана 37 троллейбус каттайт. Шаарда туруктуу жашоочулардын саны 280 миңге жетет.


ТЕМА БОЮНЧА: