Кыргыз ЖМКлары кабарлашкандай, «Бешинчи каналдын» журналисттери учурдагы ON1 телеканалынын алдында түзүлө турган жаңы каналда иштешет. Журналисттер жаңы телеканалды бийликчил КСДП партисянын мүчөсү Каныбек Түмөнбаев менен байланыштырышууда.

«Бешинчи каналдын» мурдагы башкы директору Дмитрий Ложников «Клооптун» кабарчысына ON1 телеканалына иштөөгө өткөнүн такстыктап, бирок телеканалдын КСДП партиясы менен байланышын четке какты.

«Телеканалдын редакциясы чындыгында эле ижара шарты боюнча "Форумдун" имаратында жайгашкан. Бул азырынча өзүңүздөр түшүнүп тургандай эле [Алмазбек Атамбаевдин бийликчил КСДП партиясы] менен жалгыз жана жетишээрлик кыйыр байланыш», — деди Ложников.

«Медиа Форум» компаниясынын имараты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык жана социал-демократтар партиясынын штабы болуп эсептелет.

Кыргызстандын мурдагы президенти жана КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев «Медиа Форумдун» имаратынын алдында 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун монументине гүл коюп жатат. Сүрөт: КСДПнын басма сөз кызматы.

ON1 телеканалынын мурдагы директору Мамасадык Багышов телеканалдан кеткенин «Азаттык» үналгысына айткан.

«1-январдан тартып иштен кеттим. Мен жетектеген команда да иштен кетти. Бул пландардын өзгөрүшүнө же кайрадан түзүүгө байланыштуу болду. “ON1” деген бренд интеллектуалдык менчик катары мага таандык. Ошондуктан бул канал интернет-ТВ катары ишин улантат. Ал эми анын базасындагы телеканал башка аталыш менен чыгышы керек болот», — деди Багышов.

«Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, жаңы телеканал «Апрель» болуп аталат.

ON1 жана анын ээси жөнүндө эмне белгилүү?

ON1 телеканалы 2015-жылдын декабрынан тарта обого чыга баштаган — телеканалдын өзүнүн маалыматына ылайык, алардын потенциалдык аудиториясы 3 млн адамдан ашуун.

«Кактус» басылмасы менен «Азаттык» үналгысы билдиришкендей, ON1 телеканалынын юридикалык ээси болуп «Марс» компаниясы эсептелет.

Юстиция министрлигинин юридикалык жактар туурасындагы маалымат базасына ылайык, «Марс» компаниясынын түзүүчүсү бийликчил КСДП партиясынын мүчөсү Каныбек Туманбаев, ал эми анын директору катары ON1 телеканалын жетектеген Мамасадык Багышов көрсөтүлгөн.

Каныбек Туманбаев Ош облусунун Алай районунун жашоочулары менен жолугушууда. Сүрөт: КСДПнын басма сөз кызматы.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо Каныбек Туманбаев Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү катары катталган. Ошондой эле, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ноябрда Туманбаевди ардак грамота менен сыйлаган.

ON1 телеканалы — Туманбаевге катталган жалгыз эле компания эмес. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, анын атына «Кош-Тамчы» жана «“БКС” курулуш компаниясы» катталган.

Мындан тышкары, ал «Авиценна» медициналык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн бири катары эсептелет.

«Бешинчи каналды» сатуу

2017-жылдын ноябрында башкаруучу партиянын депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылган, анткени ал «юридикалык дагы эмес, чыныгы парламенттик телеканал да болуп кала алган эмес».

Ошондон кийин телекандын жамаатынын көпчүлүгү, башкы директор Евгения Бердникова менен шеф-редактор Дмитрий Ложников дагы, кызматтан кетүү боюнча аразыдарын жазышкан.

Декабрдын аягында Ложниковдун командасы акыркы жолу эфирге чыккан. «Биз бардыгына көз чаптырдык. Кайрадан биздин көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирдик. Акыркы жолу "Бешинчи каналда"...», — мына ушинтип сүрөттөшкөн бул эфирди жүрналисттер өздөрү.

Последний эфир команды Пятого канала

28 декабря, в 20:00 состоялся последний эфир команды "Пятого канала". Мы вспомнили, как все начиналось, как было сложно и радостно делать новые шаги, как мы экспериментировали с телевидением, и что из этого вышло. Вспомнили, в каких точках планеты побывал микрофон с оранжевой плашкой «Пятого канала», вспомнили о наших страхах и посмеялись над ними, а еще над нелепыми и курьезными ситуациями, в которых оказывались наши журналисты. Мы вспомнили все. И опять поблагодарили вас за внимание. В последний раз на «Пятом канале».

Posted by 5News.kg on Friday, December 29, 2017

Маммүлк башкаруу фондусунан билдиришкендей, жакынкы арада «Бешинчи канал» ыкчам маалыматтар менен жаңылыктарды чыгарбайт — тасмалар менен жаздырылган берүүлөрдү чагылдырышат.

Телеканалдын мурдагы кызматкерлеринин арасынан болгону техникалык кызматкерлер гана калганы белгилүү — азырынча жаңы команданы качан түзүшөөрү белгисиз.

«Бешинчи каналды» улутташтыруу

«Бешинчи канал» президент Курманбек Бакиев кулатылып, Кыргызстандын бийлиги алмашкандан кийин бир жыл өткөн соң 2011-жылы биротоло улутташтырылган.

Бакиведен кийин президенттик кызматка келген Роза Отунбаева «Бешинчи каналдын» улутташтырылышына каршы болгон, бирок парламент көпчүлүк добуш менен телеканалды мамлекетке өткөргөн.

«Бешинчи канал» 2005-жылы биринчи президент Аскар Акаев кулатылгандан кийин жабылган КООРТ каналылынын диапазонунда пайда болгон.

2009-жылга чейин телеканалдын башкы директору кийинчерээк экинчи президент Курманбек Бакиевдин өкмөтүнө иштөөгө өткөн парламенттин мурдагы депутаты Оксана Малеванная болуп турган.

Бакиевдердин үй-бүлөсү телеканалды көзөмөлдөп турганы айтылып, бул 2010-жылдагы революциядан кийин анын ыктымал улутташтырылышы боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүшүнө себеп болуп калган делет.

Учурда телеканал өлкөнүн бардык аймагында көрсөтүлүп, Кыргызстандагы ири компаниялардын бири болуп эсептелет.

ТЕМА БОЮНЧА:

• ММБФ «Бешинчи каналдын» мүлкүн каттоого алат

• Депутат Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды