Акча үчүн ыйлоо. Кыргыз кошокчулары маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарында кантип иштешет?

Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кыргыздардын аза күтүү ырым-жырымдарында кошок кошуу салты дагы эле сакталууда. Оор жоготууга кабылгандар кошок үчүн керектүү сөздөрдү айта албай жаткан учурда үй-бүлөлөр кесипкөй кошокчуларды чакырышат.

Бир маалда «Клооптун» Оштогу кеңсесинде катуу ыйлар угула баштады. Камеранын алдында отурган кара чачтуу орто жаштагы аялдын жүзүнөн бүтүндөй жаштар төгүлө баштады. Бир нече көз ирмемден кийин ал көз жашын кол менен аарчып, таптыкыр өзгөрүлүп калды. «Мына ушундай», — деп жылмайды ал.

Насыят Шамшиева — кесипкөй актриса жана кошокчу. Ал 27 жылдан бери кадимки адамдар өздөрүнүн кайгы-капалары же кубанычтарын айтуу үчүн керектүү сөздөрдү айта албай калган үйлөнүү-үлпөт тойлору менен маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарында иштеп келет.

Аза күтүү ыйы теңирчилик ишениминен сакталып калган жана бүгүнкү күнгө чейин кыргыздардын арасында кеңири тараган салт. Кошокту негизинен аялдар айтышат. Эркектердин аза күтүү ыйы «жоктоо» деп аталат.

Насыят эже «кошок» сүйүнүчтүү окуяларда деле айтылат дейт: мисалы, кыз узатуу же бала төрөлгөндө. Чындыгында, жаңы төрөлгөн балдарга кесипкөй адаттагыдай кошокчуларды чакырышпайт.

«Бала төрөлгөндөгү кошок көбүнчө бешик ырына окшош. Аны бешикке бөлөп же терметип жаткан учурда ырдашат. Негизинен жаңы төрөлгөн ымыркайга кең келечек жана чыгаан адам болсун деген тилектер менен ырдашат», — дейт ал.

Шамшиева кошокчулардын эң популярдуу кызматы — кыз узатуудагы кошок кошуу дейт. Түндүктөгү үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү бир нече кошокчуларды чакырышат. Алар коноктордун алдында салттуу ырларды келиндин ата-энесинин жана келечектеги кайын энесинин атынан аткарышат. Сценарий боюнча, «энеси» кызын жаңы үй-бүлөгө узатат, ал эми «кайын энеси» баласынын сүйүктүүсүн тосуп алат. Бул ырым-жырым жасалган учурда жаш түгөйлөрдүн ата-энелери коноктордун арасында отуруп, үлпөт тоюна көз салышат.

Болочоктогу келин үчүн кошокто негизинен насыяттар айтылат. Кошок аткаруучу ырында «кызды» эл жамандабашы үчүн кайын энесин, жолдошунун туугандарын сыйлап, болочок күйөөсүнө жагынганды билип жана өзүн татыктуу алып жүрүүсүн айтат.

Актрисанын айтымында, мындай сахналаштырылган кыз узатуу 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин турат жана буга суроо-талаптар көп.

Аза күтүү кошогунун түрлөрү көп. Кошок кошуунун мазмуну кимдин атынан аткарылып жаткандыгынан көз каранды. Жубайлардын, балдардын, ата-энелердин жана башка туугандардын атынан аткарылчу кошоктор бар.

Шамшиеваны эч тааныш эмес адамдар үчүн кошок кошууга далай эле жолу чакырышкан. Акыркы сапарга узатуу зыйнаттарында төрт саат отурганы үчүн ага 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин төлөшчү.

«Өтүнүч менен барып төрт саат кошок кошуп отурдум окшойт. Кишилер кирген сайын кошок айтылат», — деп түшүндүрдү кошокчу.

Муфтият: «Өкүрүп ыйлоого болбойт»

Кыргыздардын көпчүлүгү адатта өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет. Ислам дининде маркумду узатуу зыйнатында куран жана жаназа намазы окулушу үчүн молдо чакырылышы керек.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) өкүлү Бактияр Токтогазы уулунун айтымында, ислам маркум үчүн кошок кошууга тыюу салбайт, бирок аны катуу жана өкүрүп айтканга болбойт.

«Исламда кошокко тыюу салынган, анткени бул бир эле учурда жоктоп ыйлоо жана маркумду мактоо болуп калат. Кээде [аза күткөндөр] маркумду кылбаган иштери үчүн макташат. Ошондой эле карама-каршылык — алар ыйлап,  [өздөрүнүн] кийимдерин айрып жана динге каршы келген нерселерди айтышат. Ошондуктан мындай кошокторго тыюу салуу бар», — деп түшүндүрдү ал.

Исламда маркумду катуу жана эмоционалдуу жоктоп ыйлоого тыюу салынганы менен, КМДБ элдер бул ырым-жырымды аткарууну улантышып жатканына чыдамкайлык менен мамиле кылат.

Муфтияттын өкүлүнүн айтымында, куран окутууга чакырылган молдолор маркумдун үй-бүлөсүнө исламда маркумду жоктоп кошок айтууга тыюу салынганын айтышы керек, бирок ал адамдарды бул ырым-жырымдан баш тартууга мажбурлай албайт.

Кошок психотерапия сыяктуу

«Айгине» илимий-изилдөө борборунун башчысы Гүлнара Айтпаева кыргыздардын салт-санаалары менен үрп-адаттарын изилдейт. Анын айтымында, кыргыз үй-бүлөлөрү кесипкөй кошокчуларды байыркы убактардан бери эле чакырып келишкен.

«Анда акча менен эмес, башкача сый акы төлөшкөн. Маркумду узатуу зыйнатына чакырылуу дайыма чоң сый-урмат болуп эсептелген. Анткени кошокчу — бул руханий тажрыйбачы, ал эми кошок — бул руханий тажрыйба», — дейт Айтпаева.

Гүлнара Айтпаева

Анын айтымында, аза күтүү кошогу «күчтүү психотерапиялык таасирге» ээ, ошондуктан маркумдардын урматына арнап, алардын жашоодо ээлеген ордуна карабастан кошок кошушкан. Окумуштуу стрессти басаңдатуу касиети үчүн кошок кыргыздарда каада-салт катары сакталып калууда деп эсептейт.

«Кошок — бул абдан катуу толкундоолор учурунда адамдын маңызы менен психикасын тең салмакта кармап турган ырым-жырым. Тагыраак айтканда, сиз өзүңүздүн болгон санааңызды, болгон күйүтүңздү, болгон капаңызды айтасыз, мунун бардыгын сөз менен чыгарасыз. Мындай жол менен сиз ичтеги жанды кыйнаган нерседен арыласыз», — дейт Айтпаева.

Окумуштуу кошокту исламга чейинки үрп-адат деп айтуу туура эмес болуп калат деп эсептейт. Анан айтымында, эрте келген исламда кошок кошуу каадасы мусулмандардын жерге берүү эрежеси менен тынч эле шайкеш болуп турган. Ал кошокту учурдагы кыргыздардын жашоо-турмушунан чийип салуу аракетин — «диний ресурстун кайра бөлүштүрүлүшү» деп эсептейт.

Бела Уитц, «Кошок», 1916-жыл.

«Молдо келгенде ал кайсы гана болбосун иш-чаралардан сый акы алат — бала төрөлгөндөн баштап адамдын өлүмүнө чейин. Эгерде кошокчу келсе, анда бул сый акы [кошокчу менен молдонун] ортосунда бөлүнөт», — деп түшүндүрүүдө Айтпаева.

Анын айтымында, кошок түштүктүн айрым бир аймактарында жок болуп бара жатат, бирок түндүктө бүгүнкү күндөргө чейин сакталууда.

Учурда фольклёрчулар кошок ырым-жырымын өзүнчө бир жанр катары изилдеп жатышат, ал эми аза күтүү кошоктору менен жоктоо адабий чыгарма катары каралууда.

«Ар бир кошоктун формуласы, ырасым формасы бар […] Бул абдан жүрөк элжиреткен поэзия. Ал жөнөкөй, ал абдан өнүккөн, ал абдан кадимкидей көнүмүш болушу мүмкүн», – дейт Айтпаева.

Насыят Шамшиева намаз окуй баштагандан кийин маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаттарына кошок кошуу үчүн чакырууларга барбай калганын айтууда. Бирок ага баруудан баш тартканына бир гана дин түрткү болгон эмес.

Кошок айтуу аза күтүп жаткандарга оор кырдаалдан чыгууга жардам бергени менен бул кесипкөй кошокчулар үчүн ар дайым эле оңойго турбайт. Шамшиева кошок кошуу мурда актриса катары ага жеңил болгонун айтат, бирок акыркы учурларда ал стресстен коргоно албай кыйынчылыктарга туш боло баштаган. Эми акча үчүн ал негизинен кыз узатууларга гана барат.