Жаңы жолдордун кепилдик мөөнөтү эки жылдан беш жылга чейин көбөйтүлдү

Президент мыйзамга кол койду, ага ылайык курулуш компаниялар жолдорго беш жыл, ал эми жаңы оңдолгон жолдорго үч жыл кепилдик мөөнөтүн бериши керек.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мыйзамга өзгөртүүлөргө 12-январда кол койду.

Эми курулуш компаниялары өздөрү курган жолдорду беш жылдын ичинде тейлеп туруулары керек. Учурда жаңы жолдордун кепилдик тейлөө мөөнөтү болгону эки жылды түзөт.

Ошондой эле, кайра оңдолгон жолдорду тейлөө кепилдиги бир жылдан үч жылга чейин көбөйдү.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери жаңы талаптар жалданма компаниялардын жоопкерчилигин күчөтөт деп деп эсептешет.

«Ушул мыйзам чыгаруу демилгеси жалданмачылардын өз ишин өтө сапаттуу аткаруусуна дем берет, анткени объект боюнча иштерди аткаруудагы бюджет так каралган, жыл сайын кетирилген кемчиликтерди оңдоого, уурдоого жана башка мүчүлүштүктөргө төлөп берүү мүмкүнчүлүктөрү жок», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тарта 15 күндөн кийин күчүнө кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: