Бишкек-Ош жолунда төрт адам каза болду, үч киши ооруканада

Кырсыкка кабылган унаалардын бири. Сүрөт: ӨКМ

БишкекОш жолунда жеңил машина менен жүк ташыган унаа сүзүшүп кетти. Жол кырсыгынан жеңил машинадагы төрт адам көз жумуп, үч киши ооруканага жаткырылды.

Бишкек — Ош автожолундагы Чычкан капчыгайына жакын жерде 13-январь күнү, түшкө маал катталган жол кырсыгынан төрт адам каза болуп, дагы үч киши жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» кабарлагандай, жолдо жүк ташуучу унаа менен «Опел-Зафира» үлгүсүндөгү жеңил машине кагышкан.

«Каза тапкандардын экөө эркек, бирөө аял болгон. Жаракат алгандар Токтогул райондук ооруканага жаткырылды», — деди Шерипова.

Буга чейин аталган министрлик 13үнөн 16-январга чейин Бишкек — Ош жолундагы ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөөрүн жана жолдордо муз тоңуп, тайгак болоорун маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: