Патрулдук милиция: Жол кырсыгына кабылган инспектор кант диабети менен ооруган

Патрулдук милиция жол кырсыгына кабылган «мас» инспектордун кызмат учурунда ден соолугу начарлап кетип, эс-учун жоготконун маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева патрулдук милициянын инспектору 11-январь күнү кечинде Ош облусунун Араван районунда кызматтык унаасы менен жол кырсыгына кабылганын «Клоопко» ырастады.

Бекмурзаева билдиргендей, окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүп, инспектор ден соолугуна байланыштуу эс-учун жоготкону аныкталган.

«Инспектор Санжар Анарбаев кызматтык унаасында айып салынган айдоочунун машинасын унаа токтотуучу жайга коштоп баратканда ден соолугу начарлап эс-учун жоготкон. Ал кант диабети менен ооруп жүргөн», — деди ал.

Бекмурзаева кабарлагандай, экспертизанын жыйынтыгы инспектордун канында алкогол жок болгонун көрсөткөн. Кырсык катталган күнү ал ооруканага жеткирилген.

Активист Болот Ибрагимов патрулдук милиция коомду жаңылтууга аракет кылып атат деп эсептейт.

«Эгерде инспектор эс-учун жоготкону ырас болгондо, анын жана ага жардам берген кесиптешинин төшүндөгү видео жазмаларды көрсөтүшсө жакшы болот эле. Аларда видео жазма болгондо, эбак эле жарыялашмак», — дейт активист.

Ошондой эле, активист соңку эки аптада «мас абалдагы» мамлекеттик кызматкерлер катышкан окуяларга көңүл бурган.

ТЕМА БОЮНЧА: